Орусияда аскердик өндүрүш заводу өрттөнүүдө

«Протон» заводу өткөн айда да бутага алынган. 2026-жылдын 23-октябры.

7-ноябрга караган түнү Орусиянын Орел шаары жапырт ракета чабуулуна кабылганын Орлов облусунун губернатору Андрей Клычков билдирди.

ASTRA басылмасынын ачык булактардагы маалыматтарды (OSINT) талдоосуна ылайык, соккунун кесепетинен шаардагы «Протон» заводу өрттөнгөн. Бул ишкана Орусиядагы маанилүү оптоэлектроника өндүрүүчүлөрдүн бири.

Клычков Совет районундагы ишканалардын биринин өндүрүштүк жайлары жарым-жартылай жабыркаганын билдирди. Бирок ал кайсы ишкана тууралуу сөз болуп жатканын тактаган жок жана жабыркагандар боюнча маалымат бере элек. Анын айтымында, окуя болгон жерде куткаруу кызматтары иштеп жатат.

«Протон» заводу Совет районунда жайгашкан. Украинанын Exile+ жана Supernova+ аттуу OSINT-каналдарынын маалыматына караганда, завод чыгарган продукция С-71 «Ковер» канаттуу авиациялык ракеталарында, 9М723 «Искандер-М» баллистикалык ракеталарында жана «Панцирь-С1» зениттик-ракеталык комплекстеринде колдонулат.

Завод буга чейин да украин тараптын чабуулдарына бир нече жолу кабылган.

Дагы караңыз

"Согушка жөнөткөнү жатат". Алданып Орусияга кеткен Элистан"Чындыкты айт". "Азаттыктын" мектеби Тилекмат Кудайберген уулу 1,5 жылдан бери тергөө абагында отуратАстанада Акаба процессинин жыйыны өтүп жатат