Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына караганда, акыркы төрт жыл ичинде Кыргызстанда 116 адам бөйрөгүн алмаштырды. Бул тууралуу президенттин Чүй облусунун эли менен жолугушуусунда айтылды.
Өлкө башчысы Садыр Жапаров элдин суроолоруна жооп берип жатып жарандар гемодиализди акысыз аларын жана бөйрөктү алмаштыруу операциясы да бекер жасаларын айтты.
"Буга чейин гемодиализ алганга жүз доллардан төлөп келишкен. Мен келгенден кийин мамлекеттик казынадан жылына беш миллиард сомго жакын акча бөлүп турабыз. Учурунда «донорум бар, Индияга барып алмаштырып келем» дегендер болгон. Азыр Бишкекте эки жерде операция жасалат. Донор тапкан болсо, бекер жасап беребиз. Башында 2800дөй гемодиализ алгандар донору бар экенин айтышкан. Кийин бекер кылып койгондон кийин мына, 116 адам гана бөйрөгүн алмаштырды", - деди президент.
Кыргызстанда бөйрөктү акысыз алмаштыруу операциясы биринчи жолу 2024-жылдын февралында жасалган. Ага чейин бейтаптар 7-8 миң долларлык мындай операциянын акысын өз чөнтөгүнөн төлөшчү.
Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына караганда, Кыргызстанда 2010-жылдан бери гемодиализ алган бейтаптардын саны эки эсе өстү. 2010-жылы 2860 адам болсо, бүгүнкү күндө 4478 адам.
Өнөкөт бөйрөк жетишсиздигинен жабыркаган 4500дөй бейтап гемодиализди жеке медициналык мекемелерден алат. Алар аутсорсинг системасынын негизинде кызмат көрсөтөт.