Зеленский фронттогу ийгиликтер Киевдин сүйлөшүүдөгү позициясын бекемдегенин айтты

Владимир Зеленский

Украинанын президенти Владимир Зеленский Абу-Дабиде өтө турган Украина, Орусия жана АКШ өкүлдөрүнүн жолугушуусунун алдында украин аскерлеринин фронттогу ийгиликтери Киевдин сүйлөшүүлөрдөгү позициясын бекемдеп жатканын билдирди.

10-11-ноябрга белгиленген үч тараптуу сүйлөшүүлөрдө Украинадагы согушту токтотуунун принциптери жана Европанын коопсуздук архитектурасы талкууланат деп пландалууда. Зеленский украин делегациясы Бириккен Араб Эмираттарына жеткенин айтты.

Анын белгилешинче, украин тарап жолугушууда чыңалууну азайтуу боюнча сунуштарын берип, “согушту адилеттүү аяктоого мүмкүндүк бере турган лидерлер деңгээлиндеги үч тараптуу форматты уюштуруу маселесин” көтөрөт.

Зеленский буга чейин эң татаал маселелерди өзү, Орусиянын президенти жана АКШнын президенти катышкан түз сүйлөшүүлөрдө гана чечүүгө болорун билдирген. Москва мындай жолугушуу Орусиянын борборунда өтүшү керек деген позицияны карманса, Зеленский бул вариантты четке кагып келет.

Украина лидери соңку кайрылуусунда Куралдуу күчтөр орус аскерлерине олуттуу зыян келтирип, Орусиянын аймагындагы объектилерге урулган соккулар натыйжасын берип жатканын белгиледи. Анын сөзүнө караганда, “ийгиликтүү аткарылган ар бир аскердик тапшырма жана коргонуу операциясы Украинанын мүмкүнчүлүгүн арттырып, сүйлөшүүлөрдөгү позициясын күчөтөт”.

Ал арада АКШ президенти Дональд Трамп Абу-Дабидеги сүйлөшүүлөр «абдан жакшы нукта» жүрүп жатканын журналисттерге билдирди. Анын айтымында, тараптардын согушту токтотууга умтулуусу байкалууда.

Трамп ошондой эле анын администрациясы алдыдагы сүйлөшүүлөргө “этият оптимизм” менен карап жатканын айтты. Вашингтон тараптардан көбүрөөк ийкемдүүлүктү байкап жатканын, Орусия да согушту аяктоого кызыкдар болушу мүмкүн экенин белгиледи.

Ошону менен катар Трамп согушта ай сайын орточо 25 миңден адам каза болуп жатканын айтты, бирок бул маалымат кайсы булакка негизделгенин тактаган жок.

Дагы караңыз

"Боорукер, кең пейил бала эле". Амирдин өлүмү ӨКМдин дарегине суроо жараттыАтамбаевдин мурдагы үйүнүн ордуна салынып жаткан карыялар үйү келерки жылы ишке берилетЖапаров окуу китептердин базарга чыгышына "Учкундун" мурдагы башчысынын катышы бардыгын айтты Ала-Арчада эки күндөн бери изделип жаткан Амир Кунакуновдун сөөгү табылды