Быйыл Орусиянын абактарынан 295 кыргызстандык экстрадицияланды

Иллюстрациялык сүрөт.

2026-жылдын 12-ноябрына карата Орусияда жаза мөөнөтүн өтөп жаткан 295 кыргызстандык мекенине которулду. Дагы 65 жаран кайтаруу иштери аяктап, жаза мөөнөтүнүн калган бөлүгүн Кыргызстанда өтөө үчүн которулууну күтүп жатат. Бул тууралуу Башкы прокуратура "Азаттыкка" кабарлады.

Маалыматка караганда, Башкы прокуратура 52 соттолуучуну которууга каршы чечим чыгарган. Алардын 21и сексуалдык кол тийбестикке жана сексуалдык эркиндикке каршы кылмыш үчүн, жетөө террористтик, 24ү башка кылмыштар, анын ичинде адам өлтүрүү жана адам уурдоо боюнча соттолгондор.

2025-жылы 237 кыргызстандык экстрадицияланган. 2024-жылы 128 жаран, 2023-жылы 79, 2022-жылы 54, ал эми 2021-жылы Орусияда кылган кылмышы үчүн соттолгон 66 кыргызстандык жаран жазасынын калган мөөнөтүн мекенинде өтөөгө макул болуп, Кыргызстанга которулган.

Башкы прокуратура бул жааттагы аракеттерди мындан ары да күчөтүү үчүн Орусияда өкүлчүлүгүн ачууну пландоодо. "Анын негизги максаты жарандарыбыздын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын өз ыйгарым укуктарынын чегинде коргоо болот", - деп айтылды маалыматта.

Буга чейин президент Садыр Жапаровдун аймактардагы жолугушууларында тургундар Орусияда соттолгон уул-кыздарын, жакындарын Кыргызстанга которууда маселе жаралып жатканын айтып чыгышкан.

Башкы прокуратура билдиргендей, чет өлкөдө кылмышка айыпталып, соттолгон жаранды Кыргызстанга экстрадициялоо тууралуу ата-эне, туугандарынын арыздарынын негизинде прокуратура органы чет өлкөдөгү укук коргоо органдарына кайрылат. Эгер чет өлкөдө жазасын өтөп жаткан жаран мекенине кайтып, жазасынын калган мөөнөтүн өтөөгө макул болсо, анда алар экстрадицияланат. Экстрадиция үчүн эч кандай акы алынбайт.

Учурда Кыргызстандын 1 миң 100дөн ашуун жараны Орусиянын абактарында жазасын өтөп жатат.

Дагы караңыз

Клара Сооронкулова президенттик шайлоого талапкер болуу үчүн БШКга арыз бердиСасык тумоо күчөп, Бишкектин эки ооруканасында кошумча орундар даярдалдыВице-мэр Алиев Бишкекте унаа санын чектөө керектигин айттыЖапаров шайлоо алдында "улут аралык жаңжал чыгаргысы келгендер бар экенин" айтты