Кыргызстандык дипломат Кубанычбек Өмүралиев Түрк инвестициялык фондунун жетекчилигине шайланды. Бул тууралуу аталган фонддун расмий сайтында кабарланды. Маалыматка караганда, Кыргызстан,Азербайжан, Казакстан, Түркия жана Өзбекстан биргелешип түзгөн фонддун жетекчилигине Өмүралиев 12-ноябрдан тарта киришти.
Фондду буга чейинки төрагасы казакстандык дипломат Багдат Амреев жетектеп келген.
66 жаштагы Өмүралиев соңку төрт жыл Түрк мамлекеттеринин уюмунун башкы катчылыгын аркалап келген. Быйыл иштөө мөөнөтү бүткөнүнө байланыштуу аталган кызматты тапшырып берген.
Түрк инвестициялык фонду түрк тилдүү өлкөлөр биргелешип түзгөн экономикалык кызматташтыкты жана сооданы өнүктүрүүгөбагытталган биринчи эл аралык каржы институту. Фонд 2024-жылдан бери иштеп келет.