Түркмөнстандын Балкан аймагындагы медициналык мекемелер ВИЧ/СПИД менен катталган бейтаптарга айрым дары-дармектерди берүүнү токтоткону кабарланды. Бул тууралуу «Азаттык» радиосунун түркмөн кызматына аты-жөнүн атагысы келбеген бир нече дарыгер билдирди.
Медицина кызматкерлеринин айтымында, бейтаптарга иммунитетти чыңдоочу жана башка препараттар берилбей калды. Натыйжада дарыны өз эсебинен сатып алууга мүмкүнчүлүгү жок адамдардын абалы начарлап, арасында каза болгондор да бар экени айтылууда.
Үй-бүлөлүк дарыгерлердин маалыматына караганда, мындай дарылардын беш күндүк көлөмү болжол менен 200 манатка (120 доллардай) бааланат. Көпчүлүк бейтаптар антиретровирустук терапия үчүн зарыл болгон дарыларды өз алдынча сатып ала алышпайт.
Журналисттер түшүндүрмө сураганда саламаттык сактоо мекемелеринин өкүлдөрү бул маселе боюнча комментарий берүүдөн баш тарткан.
Түркмөнстанда ВИЧ/СПИДге каршы жети ири борбордо 2 миңдей адам каттоодо турат. Бирок укук коргоочулар өлкөдөгү чыныгы көрсөткүч мындан кыйла жогору болушу мүмкүн деп эсептешет. Алардын айтымында, стигма жана коомдук басмырлоо себептүү көп адамдар атайын борборлорго кайрылбайт.