Кошмо Штаттардын Нью-Йорк шаарындагы Бруклин районунда федералдык соттун арачылар тобу Тажикстандын жараны Мансури Манучехрини "Ислам мамлекети" (ИМ) террордук уюмун каржылоого жана башка кылмыштарга күнөөлүү деп тапты.
Ал 55 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн. Бул тууралуу АКШнын Юстиция министрлиги маалымдады.
Сот арачылары Манучехрини төрт берене боюнча күнөөлүү деп тапты. Алардын арасында "Ислам мамлекети" жана анын "Хорасан" деп аталган канатына материалдык колдоо көрсөтүү, курал-жаракка жана ок-дарыларга байланыштуу мыйзам бузуу, федералдык агенттерге жалган маалымат берүү бар.
Тергөө жана сот материалдарына ылайык, Манучехри 2021-жылдын декабрынан 2023-жылдын июнуна чейин Түркия менен Сириядагы "Ислам мамлекети" экстермисттик тобуна байланышы бар адамдарга 70 миң долларга жакын акча которгон.
Акча алгандар арасында 2024-жылдын январында Стамбулдагы чиркөөгө жасалган кол салууга байланышы бар адам да болгон.
Манучехринин адвокаттарынын жүйөсүнө караганда, каражат террорчуларга эмес, кайрымдуулук иштерине жана качкындарга жардам берүү үчүн жөнөтүлгөн.
Расмий маалыматка ылайык, Манучехри 2016-жылы туристтик виза менен АКШга келген. Визасынын мөөнөтү бүткөндөн кийин да өлкөдө мыйзамсыз жашап калган.
Ал куралдарды мыйзамсыз сактап, колдонуп, такай ок атуу жайларына барып турган.
2022-жылдын февралында Нью-Жерсидеги ок атуу комплексинде автоматтык мылтыкка окшош куралдан атканын видеого тарткан.
Кийин ал видеону Түркиядагы "Ислам мамлекети" тобуна байланышы бар адамга жөнөткөн.
Видео "Аллага шүгүр, мен даярмын, бир тууганым" деген билдирүү менен коштолгон.
Манучехри 2025-жылдын февралында Бруклинде кармалган.
Тажикстандын Ички иштер министрлиги анын кармалганынан кабардар экенин жана маселени иликтеп жатканын маалымдаган.
2026-жылдын 30-октябрында Манучехри иммиграциялык алдамчылык, анын ичинде жасалма никеге байланыштуу айыптарды өзүнчө мойнуна алган.
Ноябрдын ортосунда федералдык соттун арачылар тобу аны террордук уюмдарды колдоого байланыштуу жана башка айыптар боюнча күнөөлүү деп тапты. Соттун акыркы өкүмү кийинчерээк чыгарылат.
АКШда буга чейин дагы тажикстандыктар кармалган. 2024-жылдын июнунда Кошмо Штаттарда "Ислам мамлекети" тобуна байланышы болушу мүмкүн деген шек менен Тажикстандын сегиз жараны кармалган.