Орусияда 2027-жылдан баштап кирешеси аз мигранттардын патенти жокко чыгарылат

Миграция кызматынын өкүлдөрү базарда мыйзамсыз жүргөн мигранттарды аныктоо боюнча рейд өткөрүп жатышат. Орусия, Волгоград, 26-март, 2026-жыл.

Орусияда 2027-жылдын 1-январынан тарта кирешеси тууралуу маалыматы жок чет өлкөлүк жарандарга иштөөгө патент же уруксат берилбейт.

Мурда берилген документтер да жокко чыгарылышы мүмкүн. Бул тууралуу ТАСС агенттиги Орусиянын Ички иштер министрлигинин миграция кызматына таянып кабарлады.

Жаңы талапка ылайык, мигранттын кирешеси тууралуу маалымат мамлекеттик органдардын базасында болушу керек. Кеп эмгек акы жана башка төлөмдөр жөнүндө болуп жатат.

2026-жылдын октябрынан тарта Орусиянын салык органдары чет өлкөлүк жарандардын үч, алты, тогуз жана 12 ай ичиндеги кирешеси тууралуу маалыматты Ички иштер министрлигине автоматтык түрдө өткөрүп бере баштаган.

Ал эми Пенсиялык жана социалдык камсыздандыруу фонду мигранттардын эмгек ишмердүүлүгү тууралуу маалымат жөнөтөт.

Мигранттардын кирешесин көзөмөлдөөнүн жаңы тартиби 2026-жылдын жайында Мамлекеттик Дума кабыл алган мыйзамдык өзгөртүүлөрдө каралган.

Ага ылайык, эмгек мигрантынын кирешеси өзүнө жана анын багуусундагы ар бир үй-бүлө мүчөсүнө эсептелген жашоо минимумунан төмөн болсо, анын патенти жокко чыгарылат.

Жаңы эрежелер мигранттардын балдарына да тиешелүү.

Патент менен иштеген чет өлкөлүк жарандардын балдары 18 жашка толгондон кийин Орусиядан чыгып кетүүгө же 30 күндүн ичинде өздөрүнө патент алууга тийиш.

Ал эми Орусияда иштөөгө жана жашоого тиешелүү уруксаты бар мигранттардын жашы жете элек балдары өлкөдө калуу укугун сактап калат.

2027-жылдан тарта Орусияда мигранттардын мыйзамдуу кирешеси, эмгек ишмердүүлүгү жана үй-бүлө мүчөлөрүн багууга жетиштүү каражаты бар-жогу катуу көзөмөлгө алынат.

Дагы караңыз

Кара-Суу: Туманбаев базардагы төлөмдөр өзгөрбөй турганын билдирди АКШда тажик жараны "Ислам мамлекети" тобун каржылаганы үчүн күнөөлүү деп табылдыКара-Суу: Соодагерлердин митинги, талаш жараткан маселелер