Баткен: Талаш жараткан таза суу долбоору

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Баткендеги чек ара жакын айылды таза суу менен камсыздоо боюнча тендерди утуп, долбоорду ишке ашырган жеке ишкер 7 жарым миллион сомдук акысын ала албай калганын айтып даттанууда. Облустук Капиталдык курулуш башкармалыгы анын айткандарын четке кагып, долбоор толугу менен каржыланганын билдирди.

Баткендеги чек ара жакын айылды таза суу менен камсыздоо боюнча тендерди утуп, долбоорду ишке ашырган жеке ишкер 7 жарым миллион сомдук акысын ала албай калганына даттанууда. Облустук Капиталдык курулуш башкармалыгы анын айткандарын четке кагып, долбоор толугу менен каржыланганын билдирди. Ишкер болсо долбоордон сырткары оозеки убадалар менен жасалган жумуштар болгонун айтууда. Буга чейин президент Садыр Жапаров Баткенде эл менен жолуккан учурда дагы ишкер өз маселесин айтып кайрылган. Окуянын чоо-жайын аймактагы кабарчыбыз Жеңиш Айдаров айтып берет.