Орусиянын соккусунан Кривой Рогдо эки өмүр кыйылды, жараат алгандар элүүгө чукулдады

Кривой Рог, чабуулдун кесепети. 20-ноябрь, 2026-жыл.

Орусиянын армиясы 20-ноябрда кечинде Украинанын Кривой Рог шаарына жасаган соккудан эки адам каза болуп, кеминде 47 киши жараат алды. Бул тууралуу шаардык Коргоо кеңешинин башчысы Александр Вилкул билдирди.

Каза болгондордун бири Тез жардам кызматында иштеген 20 жаштагы фельдшер кыз, экинчиси жети жаштагы бала.

Днепропетров облусунун башчысы Александр Ганжа баланын абалы оор экенин кабарлаган, кийин ал каза болгону белгилүү болду.

Жараат алгандардын арасында алты бала бар. Алардын катарында үч жаштагы кыз менен төрт жаштагы бала да бар.

Вилкулдун айтымында, алгач шаар борборуна эки баллистикалык ракета менен сокку урулган. Андан кийин куткаруу иштери жүрүп жаткан учурда ошол эле жерге дагы үч реактивдүү дрон менен чабуул жасалган.

Кол салуудан улам шаардын үч районунда суунун басымы төмөндөп, газ берүүдө чектөөлөр жаралды, электр менен камсыздоо үзгүлтүккө учурады.

Днепр районуна да чабуул жасалып, жеке турак үй өрттөнгөн. Андан үч киши жабыркаган. Алардын ичинен 77 жаштагы эркек орточо оор абалда ооруканага жаткырылса, 61 жана 75 жаштагы эки аял үйүндө дарыланууда.

Орусия бул маалымат боюнча азырынча комментарий бере элек.(КЕ)

Дагы караңыз

"Мамлекеттин акчасы асманга кетти". Лейлекте куураган көчөт иши териштирилүүдөЭнергетик суусундукка тыюу: Саламаттыкты коргообу же "соода согушубу"?Президенттик шайлоого карата чет өлкөлөрдө алгачкы 74 добушкана түзүлдүВашингтон Украинадагы согушту токтотуунун эки жолун талкуулап жатканы кабарланды