Бишкекте рак менен ооруган балдардын ата-энелери үчүн пансион курулууда

Сүрөт Курулуш министрлигинен алдынды.

Бишкекте Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун аймагында онкологиялык оорулары бар балдардын ата-энелери үчүн пансион курулууда. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги билдирди.

Пансион 70 орунга ылайыкталып, жалпы аянты 3 500 чарчы метрди түзөт. Долбоордо эки кишилик 14 номер, намазкана, 4 кызматтык кабинет, конференц-зал, спортзал, ашкана, кир жуучу жайлар, санитардык бөлмөлөр, кампалар жана башка кошумча жайлар каралган. Курулуш иштерин Турак жай-жарандык курулуш департаменти менен “Кыргызкурулуш” мамлекеттик ишканасы ишке ашырып, долбоор президенттин Турукташтыруу фондунан каржыланууда.

Өлкөдө өсмө оорулары менен 35 миңден ашуун бейтап каттоого алынган. 2014-жылы орто эсеп менен 70 баладан рак илдети аныкталса, 2023-жылдан тартып бул көрсөткүч 200дөн ашкан. Балдарда көбүнчө курч лимфобласттык лейкоз, мээ шишиктери, нейробластома жана нефробластома диагноздору коюлат.(КЕ)

Дагы караңыз

Орусиянын соккусунан Кривой Рогдо эки өмүр кыйылды, жараат алгандар элүүгө чукулдадыПрезиденттик шайлоого карата чет өлкөлөрдө алгачкы 74 добушкана түзүлдүВашингтон Украинадагы согушту токтотуунун эки жолун талкуулап жатканы кабарланды"Азаттыктын" президенти Лиза Көртис Астанада жана Бишкекте бир катар жолугушууларды өткөрдү