Бишкектин Ленин райондук прокуратурасы президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын башчысы Дайырбек Орунбековго карата кылмыш ишин козгоодон баш тартуу тууралуу чечимди жокко чыгарып, арыз боюнча толук кандуу текшерүү жүргүзүлүшүн камсыз кылууга милдеттендирилди.
Бул тууралуу 25-ноябрда юрист Нурбек Токтакунов социалдык тармактагы баракчасына жазды.
Анын маалыматына караганда, сот кылмыш ишин козгоодон баш тартуу тууралуу чечимди негизсиз деп тапкан.
Буга чейин, 1-октябрда прокуратура кылмыш ишин козгоодон баш тартуу тууралуу токтомду жокко чыгарып, текшерүү кайра башталганын билдирген. Анда адвокат тергөөчү тиешелүү адамдарды, анын ичинде Орунбековду да суракка алышы керектигин белгилеген.
20-июлда Дайырбек Орунбеков Фейсбуктагы баракчасына жалган маалыматтарды жана Кытайга каршы маанайдагы билдирүүлөрдү таратып жатат деген адамдардын тизмесин жарыялаган. Алардын арасында активисттер, укук коргоочулар, журналисттер жана саясат талдоочулар болгон.
Постто айрым жарандардын паспорттогу сүрөттөрүнүн колдонулушу коомчулукта талкуу жаратып, «Түндүк» системасындагы жеке маалыматтардын коопсуздугу тууралуу маселе көтөрүлгөн.
22-июлда адвокат Нурбек Токтакунов президент Садыр Жапаровго кайрылып, жарандардын жеке маалыматтары кандайча ачыкка чыгып кеткенин текшерүүнү өтүнгөн. Ушундай эле арыз менен «Кылым шамы» укук коргоо уюмунун жетекчиси Гүлшайыр Абдирасулова жана башка жарандар да кайрылган.
Андан кийин Ички иштер министрлиги тергөөгө чейинки текшерүү жүргүзүп, кылмыш ишин козгоодон баш тарткан.
Иш башкармалыгы, Орунбеков өзү бул маселеге байланыштуу комментарий бере элек.