Депутат Карыбек уулу коомдук дааратканаларды көбөйтүүнү сунуштады

Улукбек Карыбек уулу

Жогорку Кеңештин депутаты Улукбек Карыбек уулу Бишкек шаарында коомдук даараткана жетишсиз экенин белгилеп, аларды көбөйтүүнү сунуштады. Парламенттин 26-ноябрдагы жыйынында ал 2025-жылы 156 даараткана бар деп көрсөтүлгөнү менен алардын көбү иштебей турганын айтты.

“Жылдан-жылга бизде туристтердин агымы аябай күчөп жатат. Чет элден келген жарандар, коноктор... Бишкекте 2 миллионго жакын жаран бар. Алар коомдук даараткана жок эмне болуп жатышат? Бишкек мэриясы муну тез арада жөнгө салышы керек. 2027-жылдын бюджетинде ушуну артыкчылык менен карашын талап кылабыз”, - деди Карыбек уулу.

Ал мэрия буга чейин 26 коомдук даараткананы курабыз деп маалымат бергени менен кийин дайыны жок болгонун, мындан тышкары 16 жер тилкеси да ушул максатта бөлүнгөнүн кошумчалады.

Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев бул демилгени кубаттап, башында Бишкекте жаңы курулуп жаткан аялдамаларда да коомдук даараткана болсун деген талап коюлганын эске салды.

“Бүгүнкү күнү мэр өзү да көрдү. Аялдамалардагы жабык жерге кишилерди киргизбей жатат. Ал жерди сатууга эле айландырып коюптур. Мындан тышкары элибиз ал жерге кирип, жылына тургандай болушу керек. Чоң экранда анын автобусу качан келерин көрө алгыдай болушу керек”, - деди Маматалиев.

Кыргызстанда коомдук даараткана көйгөйү бир эле Бишкек шаарында эмес, өлкөнүн аймактарында да көп көтөрүлүп келет. Туристтер үчүн ыңгайлуу шарт түзүүдө алыскы аймактарга бараткан жол боюна дааратканаларды ачуу маселеси парламентте да көтөрүлгөн.

Дагы караңыз

Чүйдө №21 тергөө абагынын жаңы имараты пайдаланууга берилди"Эркечтам" бекетинде эки чек арачы документ жасоого шектелип кармалдыУкраина: Соңку чабуулда набыт болгондордун арасында ымыркай бар Армения: Конституциянын жаңы долбоорунда Тоолуу Карабактан баш тартуу каралган