27-ноябрга караган түнү Украинага байланышкан мониторингдик каналдар жана орусиялык Astra басылмасы Орусиянын Тула облусундагы Ефремов синтетикалык каучук заводуна дрон соккусу урулганын билдиришти. Украин армиясынын маалыматына караганда, бул ишкана ракеталык отун өндүрүүгө катышып, анын продукциясы «Искандер» баллистикалык ракеталарында да колдонулат.
Telegram каналдарга жарыяланган видеолордо завод жайгашкан аймакта өрт чыкканын көрүүгө болот. Astra OSINT Ефремов ЖЭБи бутага алынганын, натыйжада шаарда жылуулук берүү үзгүлтүккө учураганын жазды.
Ефремов заводу буга чейин да украин күчтөрүнүн чабуулдарына кабылган. Украина армиясынын Башкы штабы 2025-жылдын декабрында ишкананын аймагында жарылуу жана ири өрт болгонун билдирген. Объектке быйыл сентябрь жана октябрь айларында да сокку урулган.
Санкт-Петербург жана Ленинград облусуна да жапырт дрон чабуулу жасалды. Жергиликтүү тургундар шаардын бир катар райондорунда жарылуу угулганын жана абадан коргонуу системалары иштегенин айтышты.
Ленинград облусунун губернатору Александр Дрозденко аймактын үстүндө 45 дрон атып түшүрүлгөнүн билдирди. Анын айтымында, Ладога көпүрөсү убактылуу жабылган.
Орусиянын Коргоо министрлиги түн ичинде өлкөнүн бир нече облусунда жана аннексияланган Крымда жалпысынан 318 украиналык учкучсуз учак жок кылынганын маалымдады.