Ливия: Сирте шаарына абадан сокку урулду

27-мартта эл аралык күчтөр Триполиге жана Ливиянын лидери Муаммар Каддафини бекем колдогон Сирте шаарына абадан сокку урганы, Мисрата шаарында каддафичил күчтөр менен эрегишчилердин салгылашып жатканы кабарланды.

27-мартта козголоңчулар чыгыштагы маанилүү Рас Лануф жана Брега мунай иштетүүчү комплекстерин, ошондой эле стратегиялык Аждабия шаарын кайра ээлешкен.