Ливия: Козголоңчулар артка чегинүүдө

Коалициялык күчтөрдүн аба чабуулун пайдаланып, алга жылып жаткан козголоңчулар Ливиянын лидери Муаммар Каддафинин киндик каны тамган Сирте шаарына жетпеди; аларды өкмөттүк күчтөр  29-мартта артка чегиндирди. Көтөрүлүшчүлөр Сиртеден 150 чакырым алыстагы Науфалия шаарчасынан чыгыштагы Бан Жавад шаарын көздөй чегингени кабарланды.

30-марттан тарта Ливиядагы аскерий операцияны НАТО жетектейт.