Шарипов Отунбаеваны Жылдыздар шаарчасына чакырды

Президент Роза Отунбаева 29-мартта Бишкекте кыргызстандык космонавт, Кыргыз эл баатыры жана Орусиянын баатыры Салижан Шариповду, Советтер союзунун баатыры, космонавт Анатолий Березовду кабыл алды. Учкучтар президент менен жолугушууда Жылдыздар шаарчасындагы жашоо-турмуштары, Оштогу сапары, улуттар аралык ынтымакты калыбына келтирүү боюнча иш-аракеттери тууралуу айтып беришти. Президенттин маалымат кызматынын билдиришинче, Шарипов Отунбаеваны Жылдыздар шаарчасына келип кетүүгө чакырды. Ал жерде өткөн жылы чоң кыргыз боз үйү орнотулган экен. (EBM)