Ассад демонстрациялар үчүн кутумчуларды айыптады

Сириянын президенти Башар Ассад нааразылык акцияларынын артында өлкөнү кыйратууну көздөгөн “кутумчулар” турат деп билдирди. Толкундоолор башталган 15-марттан бери алгачкы жолу элге кайрылуу жасаган президент коопсуздук күчтөрүнө демонстранттарга “залака келтирбөө көрсөтмөсү” берилгенин белгиледи. Ассад демонстранттардын талабына көнүп, 48 жыл мурун киргизилген чукул кырдаал режимин алып салат деп күтүлдү эле. Бирок ал эч кандай маанилүү жарыя жасаган жок. Элдик чыгуулар кан төгүүлөр менен коштолуп, эки аптанын ичинде 60тай киши набыт кетти. Атасынын ордун баскан Ассад Сирияны 2000-жылдан бери башкарып келатат.