Жапония: радиация деңгээли дале бийик

Жапон бийликтери "Фукусима-Дайичи" атомдук электр станциясында радиациялык фон боюнча кайта анализ алууга буйрук кылды. Бул станция 11-марттагы зилзала менен топон суудан жабыр тарткан болчу. Мурда алты реактордун биринде суу алдында радиация деңгээли чектен он миң эсе жогору деген так эмес техникалык ката кетти деген сөз тараган.

Кырсык чалган райондорду суу баскандыктан, али 16 миңден ашуун адамдын тагдыры белгисиз. 11 миң адам курман болгондордун тизмесинде.