Бүгүн апрель окуяларына арналган он күндүк башталат

Бул тууралуу Кыргызстандын Жаштар иштери боюнча министр Алиясбек Алымкулов “Азаттыкка” билдирди. Маалыматка ылайык, бул декада 4-апрелден 14-апрелге чейин созулат. Анын алкагында өлкөнүн дээрлик бардык мектептеринде "Баатырлар баяны" аттуу ачык сабактар, жогорку окуу жайларда семинарлар, ишембилик, спорттук мелдештер уюштурулмакчы. (KKs)