Байболов “Альфа-Телеком” боюнча сотко кайрылат

Мурдагы башкы прокурор Кубатбек Байболов эртең сотко, прокуратура органдарына арыз менен кайрылып, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин “Альфа-Телеком” ишканасы боюнча айыптоолорун мыйзам чегинде аныктап, тактоону, күнөөлүү же күнөөсүз экенин далилдөөнү, күнөөсү болбосо жөнү жок айып таккан УКМК жетекчилигин жоопко тартууну талап кылат. Бул тууралуу К.Байболов бүгүн “Азаттыкка” билдирди.

К.Байболов 1-апрелде Жогорку Кеңеште сөз сүйлөп, өз сөзүндө ал президент баштаган бийлик өкүлдөрү ага каршы юридикалык илинчээк таппай коюшканын, акырында моралдык-этикалык нормаларга таянып кызматтан алууга аргасыз болушканын, президент андан бийик моралдык-этикалык нормаларды талап кылып, бирок өзү тескерисинче иштеп келатканын, маселен кыргыз-түрк “Манас” университетинин имаратынын бир бөлүгү сот аркылуу президенттин жакын тууганына өтүп кеткенин билдирген. Ошондой эле ал бүгүнкү күнү УКМК тир укмуш коркунучтуу органга айланганын, ар кимдин телефондорун угуу менен алек болуп отурушканын билдирген.

"Азаттыкка" курган маегинде УКМК төрагасынын орун басары Марат Иманкулов Кубатбек Байболовдун айткандарын четке кагып, ал жетектеген мекеме телефон тыңшоолор менен алектенбегин айткан. (IJz)