Таласта Апрель ыңкылабына арналган иш-чаралар өтөт

Бүгүн, 5-апрелде президент Роза Отунбаева Талас облусуна бир күндүк иш сапары менен барып, былтыр 7-апрелде болгон ыңкылаптын бир жылдыгына арналган иш-чараларга катышат. Иш-чараларга Жогорку Кеңештин депутаттары, облустун жетекчилери, республиканын бардык региондорундагы жаштар уюмдарынын өкүлдөрү чакырылган. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирет. (IJz)