Йеменде кайра кагылышуулар болууда

Бүгүн (5-апрель) Йемендин түштүгүндөгү Таиз шаарында өкмөткө каршы демонстрациянын катышуучулары менен аскерлер кагылыша кетти. Бир күн мурда Йемендин түрдүү шаарларында болгон ушундай тополоңдо 19 киши окко учуп, жүздөгөн адамдар жараат алган.

Маалыматтарга караганда, февралда эл толкуй баштагандан бери 150дөй адам набыт болду.

Евробиримдиктин тышкы саясат боюнча комиссары Кэтрин Эштон бүгүн Йемендин президенти Али Абдалла Салехти бийликтен кетүүгө чакырды жана “өткөөл мезгили токтоосуз башталыш керек” деди.

Салех АКШнын терроризмге каршы согуштагы маанилүү өнөктөшү. Ошентсе да Вашингтон Йеменди реформаны саалгытпай баштоого чакырып, “бийлик ваакуму” “ал-Кайида” үчүн пайдалуу экенин эскертти.