Кот-д'Ивуар: экс-президент Гбагбо элдешүүгө чакырды

Мурдагы президент Лоран Гбагбо өлкөнүн армиясын элдешүүгө чакырганы менен азырынча багына турган түрү жок.

Француз сыналгысына курган маегинде Лоран Гбагбо 2010-жылдын ноябрындагы шайлоодо жеңгендигин айтты.

Мунун алдында Улуттар уюму Лоран Гбагбо шайлоодо жеңишке жетип, эл аралык коомчулук тарабынан таанылган Алассан Уаттардын өкүлдөрү менен сүйлөшүүгө макул болгондугун билдирген.