Сирия: митингдерде 123 киши өлгөнү маалымдалды

18-марттан тарта 1-апрелге чейин Сириядагы бийликке каршы демонстрациялар маалында 123 киши өлтүрүлгөндүгүн Эл аралык Адам укуктары федерациясы билдирди. 5-апрелде аталган уюм набыт болгондордун аты-жөнүн жарыялады.

Сириялык укук коргоочу активисттер коопсуздук күчтөрү менен кагылыштарда 130дан ашык киши өлгөнүн билдирет. Набыт болгондордун көбү Дараа жана Латакия шаарларында катталган.