Пакистанда бийлик адамдарына кол салуу уланууда

Пакистандын түштүк батышында унаачан жанкечти жардырган бомбадан бир киши өлдү, сегиз киши жарадар болду. 7-апрелде полициянын билдиришинче, жанкечти бомба катылган унаа менен Кветта шаардык полициясынын жетекчилеринин бири Вазир Хан Насирдин тамын сүзгөн. Вазир Хан жеңил жарадар болгон. Кветта - Белужистан провинциясынын административдик борбору.