Жалал-Абад: мал уурдаган 4 өзбекстандык жаран кармалды

Жалал-Абад облусунун Сузак, Базар-Коргон жана Ноокен райондорундагы Өзбекстан менен чектеш жайгашкан айылдарында мал уурулук күчөп жатат. Азыр аталган аймактарды түнкүсүн милиция кызматкерлери, чек арачылар жана элдик кошуун менен бирге катуу кайтарууга алууда. Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын жетекчиси Станбек Бакиров мал уруулук боюнча Сузакта 1, Ноокенде 3 өзбекстандык жаран кармалганын “Азаттыкка” маалымдады. “Мал уурулук кыргыз-өзбек чек араларын кайтаруу начар болуп жаткандыктан күчөп жатат”, дейт Бакиров. (EBM)