Бүгүн эл аралык космос күнү

Мындан туура 50 жыл мурун бул күнү Советтер Биримдигинин атуулу Юрий Гагарин «Восток» кемеси менен «Байкоңур» космодромунан космоско учуп, кайра аман-эсен жерге кайтып келген.

Кыргызстан да космосту иликтөөгө өз салымын кошуп келди.

Космос мейкиндигинде мекендешибиз, Кыргыз Республикасынын жана Орусия Федерациясынын баатыры Салижан Шарипов эки жолу болгон жана ал эки жолу ачык космоско чыккан.

С.Шарипов биринчи ирет космосто 1998-жылы 8 күн 46 минут 54 секунд болуп кайткан. Экинчи жолу 2004-жылы «Союз ТМА-5» кемесинин командири катары 6 ай эл аралык экипаж менен иликтөө жүргүзгөн.

Өткөн аптада Бириккен Улуттар уюмунун Башкы жыйыны 12-апрелди "адам космоско алгачкы жол салган эл аралык күн" катары тааныган резолюцияны кабыл алды.