Арап Лигасы Ливиядагы кризисти талкуулады

Ливиядагы чатакты жөнгө салууга арналган жыйынга БУУнун башкатчысы Пан Ги Мун жана Арап лигасынын башкатчысы Амр Муса төрагалык кылды. Пан жыйында сүйлөп, Ливиядагы чатакты саясый жол менен чечүүгө жана ок атууларды тез токтотууга үндөдү:

- Биз ок атуулар ушу азыр токтотулуп, аны тастыктоого, аскерлерди чакырып алууга, шаарларды камоону токтотууга, жарандарды коргоого жана аскерий эмбарго боюнча (БУУнун) Коопсуздук Кеңешинин 1970 жана 1973-резолюцияларын урматоого чакырабыз.

14-апрелде Каирде болгон чогулушка Евробиримдиктин тышкы саясат боюнча комиссары Катерин Эштон, Ислам Конференциясы уюмунун төрагасы Экмелиддин Исаноглу жана Африка Союзунун башчысы Жин Пинг катышты.

Шаршемби күнү Катардын борбору Дохада Ливия боюнча эл аралык байланыш тобунун кездешүүсү болгон. Бул топ Ливиядагы эл аралык интервенцияга байкоо жүргүзүү максатында түзүлгөн.