Беларуста эркин гезиттерге эскертүү берилди

Беларус бийлиги көз карандысыз эки гезитике эскертүү жасады. “Наша Нива” жана “Народная воля” деген гезиттер 11-апрель күнкү жардыруудан кийин өкмөт калган эркин басылмаларды цензуралай баштайт деген кооптонууларын жазып чыгышкан. Маалымат министрлиги андай материалдар бийликти жаман атты кылат деп, гезиттерге эскертүү жасалганын билдирди.