ИИМди өнүктүрүү концепциясы талкууланат

Бүгүн Ички иштер министрлигинде 2011-2015-жылга белгиленген өнүктүрүү концепциясы жана “Полиция тууралуу” мыйзамдын долбоору боюнча талкуу өтөт. Ага мамлекеттик кызматкерлер, Жогорку Кеңештин депутаттары, жарандык коомдун, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышмакчы. Ушул жылдын 25-февралында президент Роза Отунбаеванын жардыгы менен ички иштер органдарынын ишин жакшыртуу боюнча концепция иштеп чыгуу үчүн жумушчу топ түзүлгөн болчу. (EBM)