90-жылдагы Ош окуясы боюнча китеп жарык көрдү

Талант Разаковдун 160 барактан турган китеби орус жана кыргыз тилдеринде чыгарылды. Китептин бет ачаарында Разаков 2010-жылдагы июнь окуясын улуттар аралык кагылышуу эмес, жикчилдик катары мүнөздөдү. Өзүнүн китебинде 90-жылдагы окуянын келип чыккан себептери берилгенин, андан бери түштүктө жикчилдик маанай өсүп 2010-жылдагы июнь окуясына алып келгенин, ошондуктан өлкөдө жикчилдикке каршы мыйзам кабыл алынышы керектигин билдирди. (EBM)