УКМК: Кыйноолор тууралуу кептер тастыкталган жок

Депутаттык комиссиянын иликтөөсүндө Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин убактылуу кармоочу жайындагы кыйноолор жөнүндө маалыматтар далилденген жок. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, УКМКнын ишмердүүлүгүн депутат Феликс Кулов баш болгон депутаттар жана Башкы прокуратуранын өкүлдөрү текшерүүгө алышкан. Анын жыйынтыгы менен убактылуу кармоочу жайдагы абал талапка ылайык экендиги, мыйзамсыз тыңшоолор да болбогону аныкталган. Депутаттык комиссия иликтөөсүнүн жыйынтыгын расмий жарыялай элек.

Буга чейин УКМК камакка алган адамдардын бир катар жакындары мекеменин кармоочу жайында отургандар ар кыл кыйноолорго кабылганын айтып келишкен. Ошондой эле бир катар депутаттар УКМК уруксатсыз телефондук сүйлөшүүлөрдү тыңшоого алганын сындап чыгышкан. (KKs)