Фольклор жыйноочу Буудайбек Сабыр уулу дүйнө салды

Фольклор жыйноочу Буудайбек Сабыр уулу 78 жаш курагында, 24-апрелде узак оорунун айынан көз жумду. Маркумдун санаалаштарынын айтымында, Сабыр уулу акыркы убакта катуу ооруп, бир жылда эки жолу операцияга кабылган.

Буудайбек Сабыр уулу Педагогикалык институттун филология факультетин 1954-жылы аяктаган. Окууну бүткөндөн кийин «Жаш Ленинчи» журналында бөлүм башчы болуп, андан соң жооптуу катчы болуп иштеген. 1960-жылдан тарта фольклор жыйноо менен алектене баштаган. Сабыр уулу “Эл шайырлары”, “Жомокчулар жана жомоктор” китептеринин автору. “Азаттыктын” жамааты муркумдун жакындарына көңүл айтып, терең кайгыруу менен азазын тең бөлүшөт. (КЕ)