А.Текебаев: Базар-Коргондон кеткендер толук кайтышат

Жакшы үмүт менен кайтып келаткан качкындар

Базар-Коргон жана Ноокен районунан убактылуу чыгып кетүүгө мажбур болгон адамдар кайра кайтып жатышат. Кагылышуу маалында бул эки райондо жашаган 12,5 миңдей адам Өзбекстан тарапка өтө качкан. Базар-Коргон райондук элдик кошуундун төрагасы Асылбек Текебаев «Азаттыкка» курган маегинде качкындардын дээрлик бардыгы өз үйлөрүнө кайтып жатканын билдирди.
- Асылбек мырза, ушул тапта Базар-Коргон районунан чыгып кеткен канча качкын кайра келди?

- Базар-Коргон районунан убактылуу чыгып кеткендердин көпчүлүгү кайра өздөрүнүн айылдарына келип жашап жатышат. Бүгүн дагы Ноокендин Сакалды айыл округундагы Чек айылынан беш-алты миң адам өздөрүнүн жашаган жерлерине келишти. Ноокен жана Базар-Коргон райондорунун акимчиликтери убактылуу жер которгондорду кайра алып келүү үчүн атайын унаа уюштуруп, элди ташып жатат.

Бүгүнкү күнү кечке чейин чыгып кеткендердин дээрлик бардыгы Базар-Коргон менен Ноокенге кайтып келүүсү керек. Жалпысынын он эки жарым миң адам чыгып кеткени айтылган, бүгүн-эртең алардын бардыгы кайтып келет деп турабыз. Себеби кечээ, андан мурунку күндөрү адамдар тынымсыз кайтып келип жатышты. Азыр базарлар, ишкана-мекеме, ооруканалар иштеп жатат. Абал бүгүн кеч менен, эртеңден баштар өз калыбына толук түшүп калат деп ойлойм.

- Келген адамдардын үй-жайлары барбы? Эгер жок болсо алар убактылуу кайда жашашат?

- Келген адамдардын көпчүлүгүнүн үй-жайлары бар. Тилекке каршы кээ бирлериники тополоң мезгилде өрттөнүп кеткен. Көпчүлүгү өз үйлөрүнө келишет, ал эми үйлөрү бузулгандарга атайын Кызыл чырым уюмунан жана Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен чатырлар уюштурулуп жатат. Алар өз жер аянттарында чатырларда убактылуу жашап турушат. Ошондой эле гуманитардык көмөк, тамак-аш, дары-дармек көп тараптардан келип жатат. Жергиликтүү бийлик, райондо түзүлгөн координациялык кеңеш жардамды так, текши бөлүштүрүп, ар бир үйгө жеткирип берүүдө.

- Үй-жайын жоготкондорго туруктуу жай куруу маселеси каралып жатабы? Жергиликтүү бийликтин аракеттери кандай болууда, өкмөт тараптан колдоо барбы?

- Азыркы күндөгү эң негизги башкы милдет үй-жайын таштап кеткендерди кайра алып келүүгө жардам берип, убактылуу болсо дагы жайланыштыруу болуп турат. Ал эми аларга туруктуу үй-жай куруу баскыч-баскычы менен чечилет. Бул жаатта Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү жер-жерлерде өрттөлгөн үйлөрдүн баасын, кеткен чыгымдарды эсептеп жатышат.

- Асылбек мырза, башка жакка баш паанектеп чыгып кетип кайра келгендер менен башка тургундардын, тактап айтканда кыргыздардын ортосунда кандайдыр бир ишенбөөчүлүк, бири-бирине кыя караган мамиле байкалбайбы?

- Башында өзбек-кыргыздар бири-бирине кооптонуу менен караган учурлар болду. Бирок соңку күндөрү элдин баары эле тынчтык, ынтымак болбосо эки тарапка тең, жалпы элге зыян гана боло тургандыгын түшүнүштү. Бүгүн Базар-Коргон районунун борборундагы Ак Тайлак деген ыйык жерде беш жүздөн ашуун адам катышкан жыйын болду. Ага эки улуттун тең аксакалдары, жаштары, аялдар болуп бардык өкүлдөр катышты. Ошол жерде биринчи кезекте элге ынтымак керектиги тууралуу сөз болду.

Чогулгандар өтүп кеткендерге куран окулуп, мындан ары бири-бирине түшүнүү менен мамиле кылып, ортодогу айгакчы-чагымчылардын иш аракеттерине кошулуп кетпөө тууралуу ойлорун айтышты. Аны менен катар эле жакында боло турган жалпы элдик референдумду бардык чогулгандар колдой тургандыгын билдиришип, бүткүл Кыргызстандын элине кайрылуу кабыл алышты.

- Кайра кайтып келгендердин коопсуздугуна кандайдыр бир кепилдик берилеби?

- Убактылуу өкмөттүн өкүлдөрү, коменданттык кызматтар, укук коргоо кызматтары менен биздин элдик кошундун мүчөлөрү жана жалпы эл бирге турсак кандай гана чагымдар болбосун каршы тура алаарыбызды түшүнөбүз. Өткөндөгү жаңжал деле Базар Коргондо өзбек-кыргыздын ортосунда чыккан эмес, башка жактан келген чагымчылар эки тарапка тең ок атып, үйлөрдү өрттөп баштап койгондон кийин кагылышуу болгон. Муну жалпы эл түшүндү. Ал эми Базар-Коргондо кайтып келгендердин коопсуздугун камсыз кылууга бул жердеги аскерлердин, укук коргоо органдарынын күчү жетет.

- Келгендердин айрымдары ооруканага жатууга, медициналык атайын жардамдарга муктаж болсо силер андай жардамдарды уюштуруп бере аласыңарбы?

- Райондо ооруканалар толугу менен иштеп жатат. Андан сырткары биринчиден адамдаргы гуманитардык жардам толук бөлүштүрүлүп берилүүдө. Ал эми чек арадан бери өтүп жаткандар үчүн Ноокенден бир, Базар-Коргондон бир тез жардам машинасы турат, ооруп калган адамдарга ошол жерден баштап жардам көрсөтүлөт.

- Рахмат, Асылбек мырза!