Ысык-Көлдө СПИДден 33 жаштагы аял көз жумду

Ысык-Көл облусунда быйыл СПИД илдетинен 33 жаштагы аял көз жумду. Эми бир кош бойлуу аял жана эки жарым жашар наристе дарыланып атат. Бул туурасында Ысык-Көл облусундагы СПИДдин алдын алуу борборунун башкы дарыгери Шаршекан Огоева менен дубандагы кабарчыбыз маектешкен.

-Шаршекан айым, быйыл октябрь айында СПИДден бир адам каза болду эле?

 

- Ооба 1975-жылкы аял каза болуп калды, ал медицина кызматкерлерине кайрылбай жүрө берип, өтө өтүшүп кеткенде келди. Көп жылдан бери ооручу экен. Ошондуктан дарыланып атканда 3 айдын ичинде эле көз жумду. 3 баласынын экөө таза экен, ал эми эки жарым жаштагы кичүү баласына СПИДди жуктуруптур, ал азыр дарыланып атат.

 

- Жолдошучу?

 

- Жолдошун да дарыланууга алып келдик.

 

- Учурда ушул оору менен канча киши каттоодо?

 

- Биздин облуста СПИД менен ооруган 21 киши диспансердик каттоодо турат, анын 12 - эркек, 9 - аял. Өкүнүчтүүсү бир аял кош бойлуу, жакында көз жарат, балага өтүп кетпес үчүн дарылоону күчөттүк. Каза болгон аялдын эки жарым жашар баласы да өзгөчө көзөмөлдө.

 

- Алар жеткиликтүү дарыланып атабы?

 

- Жыйырма биринин алтоо гана бизден жардам алып дарыланууда, калган 15 ар кайсы жакта жашашат, ошондуктан жеткиликтүү деп айтуу кыйын.

 

- Оору кайсы жол менен көбүрөөк тараптыр?

 

- Негизинен ийне аркылуу жуккан баңгилер экен.