О. Айдаров: Маданият тармагында жоопкерчилик күчөдү

Бүгүн Кыргызстанда маданият кызматкерлеринин кесиптик күнү белгиленүүдө. Буга байланыштуу өкмөт алдындагы маданият агенттигинин жооптуу өкүлү Ороз Айдаровду түз ободо сөзгө тарттык.
- Ороз мырза, биз сизди жана сиз аркылуу жалпы маданият кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктайбыз.

- Рахмат.

- Ушул майрамга карата адатта жылда министрлик кезинде президенттин катышуусунда ар кандай иш чаралар өтчү эле, быйыл кандай болуп атат?

- Быйыл дагы жылдагыдай эле иш чаралар күтүлүүдө. Кудай буюрса бүгүн саат экиде Улуттук филармонияда маданият чеберлеринин жыйыны өтөт. Ошол жыйынга өзүн өзгөчө көрсөтө алган, чыгармачылыгы менен айырмаланган кээ бир инсандар мамлекеттик сыйлыктын ээси болот деп күтүүдөбүз. Ал жерде өзгөчө жыйын болот го деп ойлойбуз. Себеби ар бир театр өзүнүн чыгармачылык жолу боюнча ушул жыйында жети мүнөттүк оюн көрсөтөт. Бүгүнкү мезгилге болгон мамилелерин жети мүнөттө жалпы көрүүчүлөргө тартуулайт.

- Ороз мырза, маданият кызматкерлеринин, маданият ишмерлеринин түйшүгү баа жеткис деп айтып эле келатабыз. Ошол сахнага чейинки түйшүк абдан көп да. Мына бүгүнкү күндөгү олуттуу проблемалар маданият күнүндө гана айтылат да, бүгүн көтөрө турган негизги маселелер кайсылар, сиз атай аласызбы?

- Азыркы болуп өткөн реформа бул структуранын эле реформасы эмес, ага жалпы чыгармачылыктагы, мисалы бир чоң чыгарманын жаралуусунда дагы уюштуруу, же ошонун процессинде болгон дагы структуралар кириш керек деп ойлойбуз. Мисалы, бир театрдын 50дөн ашык спектакли репертуарда турса, жалгыз администратор, же көрүүчүлөр боюнча директордун орун басары гана ошолорду элге тартуулаганга, иш чараларын түзүүгө аракет жасайт дагы, калганы ошону көрүүгө толук мүмкүнчүлүк албай калып атат. Бул союз мезгилинен калган система. Азыр биз болсо жаңы сунуш киргизип жатабыз, мисалы түшкө чейин бүт театрлардын директорлору чогулат. Биз ушул жылы жазга маал бүтүндөй театрларды кыдырып анализ жасадык эле, дээрлик театрлардын баары бирине-бири окшош экен. Биз жаңы сунуш киргизели деп атабыз, ар бир спектаклдин өзүнүн продюссери болуу керек. Мисалы ошол спектаклдин тагдырын аягына чейин, эң алыскы аймакка чейин көрсөтүүгө мүмкүнчүлүк алат. Бүгүн рынокто жашап аткандан кийин союз мезгилинен калган системадан бир аз оолакташты мезгил талап кылып атат.

- Ороз мырза айтсаңыз, жана башкаруу реформасы жөнүндө бир аз сөз болуп кетти. Өткөндө парламенттеги Социал-демократтар фракциясы министрликтин жоюлушу маданиятты өнүктүрүүгө тоскоолдук кылчу олуттуу ката болду деп билдирди эле. Анткен менен агенттик түзүлдү. Муну менен маданият тармагы эмнеден аксап калышы мүмкүн?

- Ооба, биз министрликтен агенттикке айланганыбыз коомчулукта ар кандай пикирлерди жаратып атат. Мурда бизге маалымат тармагы да карачу. Эми азыр бизге маданият, тил жана ЮНЕСКО иштери боюнча комиссия кирди. Биз азыр бир беткей, жалаң маданият тармагында гана иштегенге багыт алдык. Бизге мисалы министрлик болобу, агенттик болобу баягы эле кыла турган ишибизди жасай беребиз. Максаттар деле ошондой, же андан дагы жоопкерчилик күчөдү десек болот.

Маегиңизге рахмат.