Doing Business: Кыргызстан үч кадам артка кетти

Былтыр Кыргызстан "Doing Business” рейтингинде 41-орунда эле.

Дүйнөлүк Банктын ишкердикке шарт түзүү боюнча “Doing Business” рейтингинде Кыргызстан 44-орунду ээледи.
Былтыр Кыргызстан 80-орундан дароо 41-орунга секирип, ишкердикти өнүктүрүүдө реформа жасаган алдыңкы өлкөлөрдүн катарына кошулган болчу. Мурунку бийлик мындай секирик ишкердикке тоскоол кылган бир катар кагаздардын саны азайтылып, текшерип-тескеген кызматтарды кыскартуунун эсебинен болду деп түшүндүргөн. Ошол кездеги экономикалык өнүгүү жана соода министри Акылбек Жапаров ишкерлер үчүн шарттар дагы жакшырат деп ишендирип келчү.

Инвестицияга шарт жок

Бирок экономист Мейманбек Абдылдаев мурунку бийликти бизнес үчүн жетиштүү шарт түзгөн жок, экс-президенттин алдындагы инвестициялык комиссия болсо ишин жөндөй албады, деп сындады. Экономисттин баамында, эми жаңы бийликтин тушунда ишкердик кандай өнүгөөрү белгисиз:

- Анткени инвестиция кыскарды. Анын бир гана себеби – шарт жок инвестицияга. Азыр эми кандай болот деп болжоп айтууга да болбойт. Анткени саясий туруксуздук болуп жатат. Чыныгы демократия эми башталды. Бирок келечекти так айтканга мүмкүнчүлүк жок.
Мурдагы бийликтин тушунда көпчүлүк программалар негизинен мурунку президенттин уулу Максим Бакиев жетектеген Өнүктүрүү, инвестиция жана инновация боюнча борбордук агенттик жана Өнүктүрүү кору аркылуу жүргүзүлгөн.

Кыргызстанда буга чейин айрым эл аралык каржы институттары “Кыргызстандагы инвестициялык климатты жакшыртуу” деген программаны ишке ашырып келишкен. Бул программалар негизинен мурунку президенттин уулу Максим Бакиев жетектеген Өнүктүрүү, инвестиция жана инновация боюнча борбордук агенттик жана Өнүктүрүү кору аркылуу жүргүзүлгөн.

Талдоочу Чынара Айтбаеванын пикиринде, эми азыркы өкмөт да ушуга окшогон орган түзүшү мүмкүн:

- Мыйзамдардын баары ошол ошол эки органга ылайыкташтырылган. Эми бул эки орган жоюлуп кетти. Ушундан улам реформа артка кетти деп атышат. Менимче, азыркы өкмөт ушуга окшогон структураларды түзөт болушу керек. Анткени көп программалар ушул структураларга багытталган болчу.

Чынара Айтбаева ишкердикти өнүктүрүүдө мурунку бийликтикинен кескин айырмаланган реформалар керектигин баса белгиледи:

- Элдин кызыкчылыгын көздөгөн реформалар керек. Курманбек Бакиевдин тушунда бизнестин, инвесторлордун кызыкчылыгын көздөгөн реформалар киргизиле баштаган. Инвесторлорго эмне, Кыргызстандын бүт маанилүү “ширелерин” сыгып алып, акчаларды алып эле кетмей да.

"Кыйынчылыктар ишкерлерди чыйралтыш керек"

Адистердин айтымында, Кыргызстандагы апрель-июнь окуялары ишкердиктин өнүгүшүнө чоң жолтоо болду. Кыргызстан ишкерлер бирикмесинин төрагасы Чыныбай Турсунбеков “Азаттыкка” айрыкча июнь окуялары туристтерди чочутуп, инвесторлорду качырды, деп айтты. Ага Кыргызстандын коңшулары чек араларын жаап-ачышы да кошул-ташыл болду. Бирок мындан сабак алыш керек, дейт Ч. Турсунбеков:
Чыныбай Турсунбеков

- Кыргызстанда эми мындан ары дүйнөлүк, мамлекеттер аралык эрежелердин негизинде бизнес жүргүзүүгө көнүшүбүз керектигин көрсөтүп жатат. Менимче, мунун баары биздин ишкерлерди чыйралтышы керек. Ал эми жаңы түзүлө турган өкмөт болсо бул маселелерди чечип берүүгө колунан келген жардамын бериши керек. Азыр эң негизги маселе - өлкөдөгү стабилдүүлүк. Жаңы парламент сөзсүз түрдө ички жана сырткы инвесторлорду колдой турган, коргой турган мыйзамдарды тезинен кабыл алышы керек.

Бирок жаңы парламент качан ишке кирип, ишкерликти колдоо жаатында кандай мыйзам кабыл алаары азырынча белгисиз. “Замандаш” партиясынын лидери, ишкер Муктар Өмүракунов акыркы эки-үч жылдын ичинде мыйзам жагынан көп нерселер өзгөрдү дейт, бирок ишкердикти өнүктүрүү үчүн бул аздык кылат:
Муктар Өмүракунов

- Көпчүлүгүбүз жеңил өнөр жай менен иштейбиз да. Ал жакта көп жеңилдиктер бар. Айыл чарбасы тармагында да көп жеңилдиктер бар. Бирок бизнести өнүктүрүүдө жөн гана жеңилдик берип коюу аздык кылат. Сөзсүз башка жардамдар керек. Кредиттер керек, жөлөп-таяган ар кандай стимулдар керек. Болбосо азыр мурдагы 5-10 жылга салыштырмалуу бир топ эле жеңилдиктер бар. Бирок азыр бизнес өнүкпөй катып калган абалда турат. Жаңы ишканалар ачылган жок. Инвесторлор акча салбай азырынча карап байкап турашат. Чет өлкөлүк эле эмес, биздин өзүбүздүн ишкерлер тапкан акча каражатын Кыргызстанга инвестиция катары салгандан баш тартып чет өлкөлөргө салып жаткан ишкерлерди билем.

Мындай абал дагы канчага уланаарын айтуу кыйын. Көптөн күткөн парламенттик шайлоо бүткөнү менен ишкердик үчүн эң башкы шарт болгон стабилдүүлүк маселеси ар кандай нааразылык акциялардын токтобой жатышанан улам аксап турат.