Адам укуктары: тынчсыздануу арбын

БУУнун Кыргызстандагы өкүлү Нил Уокер президенттик шайлоодон кийин нааразылыкка чыккандар кармалып, камалышы тынчсызданууларды пайда кылганын айтат.

Бүгүн - Бириккен Улуттар Уюмунун күнү. Уюмдун Башкы Жыйыны быйылкы жылды “Адам укугу боюнча окутуунун эл аралык жылы” деп жарыялаган. Адам укуктары боюнча Кыргызстандагы абалга болсо тынчсыздануулар арбын.

Жарандык уюмдардын өкүлдөрү Кыргызстанда атуулдар өз укуктарын билбегендиктен улам өзгөчө мамлекеттик укук коргоо органдарынан запкы жеп, бейкүнөө жазаланып, кыйнап-кыстоолорго чалдыккан фактылар көбөйүп баратканын айтып коңгуроо кагышууда.


“Кылым шамы” укуктук борбордун жетекчиси Азиза Абдырасулованын айтымында, акыркы мезгилдерде террорчулукка каршы күрөштү күчөткөн коопсуздук комитетинин жана тартип коргоо кызматкерлери тарабынан айрым карапайым жарандарга өлкөдө тыйуу салынган “Хизб-ут Тахрир” уюмунун мүчөсү делген айып тагылып, соттолгондордун саны күн санап өсүүдө.

Ал ошондой эле жаза өтөө жайларында, убактылуу кармоочу абактарда камалып отургандар тартип коргоо кызматкерлеринин зордук-зомбулуктарына, ар кандай кыйноолоруна дуушар болуп, күч менен мойнуна айып койдурган учурлар көбөйүп баратканын айтып, бул маселеге коомчулуктун, бийликтин көңүл буруусун талап кылып келет.

“Демократия жана жарандык коом үчүн” коалициясынын жетекчиси Динара Ошурахунова белгилегендей, атуулдар өз укуктарын билбегендиктен улам мамлекеттик бардык тармактарда коррупция күч алып, соттор адилеттиктен тайып, укук коргоо органдары жазалоочу органдарга айланып, бийлик менен карапайым калктын ортосунда ажырым кетип баратат.


Анын айтымында, Борбор Азиядагы коңшу өлкөлөргө салыштырмалуу адамдардын укугу боюнча мыйзамдар Кыргызстанда бир топ жакшы болгону менен ал иш жүзүндө аткарылбай келет.

- Биздин мамлекет, бийлик адам укуктары боюнча "биздин мыйзамдар абдан жакшы, демократиялык адам укугун коргогонго бардык мамилени жасап жатабыз" дегени менен фактыга келгенде, реалдуу жашоодо башкача болуп жатат. Ага карабастан биздин өлкөдө адам укугу боюнча абал абдан жаман болуп баратат.

Динара Ошурахунова дүйшөмбүдөн баштап ал жетектеген “Демократия жана жарандык коом үчүн” коалициясы Баткен, Нарын, Талас аймактарында интернет байланышы аркылуу адам укуктары боюнча окутууларды уюштурарын билдирди.

“Ал окууларда мектеп окуучуларынын жана алардын ата-энелеринин укуктары, жергиликтүү бюджеттен баштап мамлекеттик бюджетти түшүндүрүү, эл бийликке эмес, бийликтин элге кызмат кылуусу, укук коргоо органдарынын, саламаттык сактоо, социалдык жактан камсыздандыруу сыяктуу мамлекеттик кызматтардын атуулдардын укуктарын коргоосу сыяктуу маселелер окутулат. Бул боюнча аталган коалициянын активисттери алыскы аймактарда, жер-жерлерде семинар-окууларды уюштурууну пландаштырылууда”,- дейт Ошуракунова.

Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдуулук, мамлекеттик түзүлүш, мыйзамдуулук жана адам укуктары боюнча комитетинин төрагасынын орун басары Автандил Арабаевдин айтымында, өлкөдө адам укуктарын коргоо боюнча мамлекеттик айрым органдарда көйгөйлөр болгону менен бул маселе боюнча мамлекет башка өлкөлөргө салыштырмалуу иштиктүү аракеттерди көрүп, эл аралык милдеттенмелерин аткарып келүүдө.

- Жалпы жонунан Кыргызстанда адам укуктары корголбой жатат, Мамлекеттик саясатта адам укуктарынан биз артка чегиндик дегенге мен таптакыр каршымын, - деди А.Арабаев.

24-октябрь - Бириккен улуттар уюмунун күнү. БУУнун Башкы Ассамблеясы 2009-жылды “Адам укуктары багытында билим берүүнүн эл аралык жылы” деп жарыялаган. Буга байланыштуу Бишкектеги БУУнун үйүндө да 23-октябрда иш чара өткөрүлдү.

Бириккен Улуттар Уюмунун Кыргызстандагы туруктуу координатору Нил Уокер “Азаттыкка” берген маегинде Кыргызстан БУУнун адам укугун коргоо боюнча дээрлик баардык маанилүү инструменттерине кол койгонун, аталган уюмга мүчө болуп киргенден берки 17 жыл аралыгында Кыргызстан адам укуктары боюнча бир катар жакшы ийгиликтерге жетишкенин белгиледи.


“Бирок ушундай позитивдүү нерселер Кыргызстанда адам укугу жаатында баары кынтыксыз дегенди түшүндүрбөйт. Өлкөдөгү адам укугунун абалына биз эмес көптөгөн адамдар тынчсызданып жатышат”,- деди Уокер мырза.

- Адам укугу боюнча адамдардын тынчсызданууларына негиз бар экенин далилдеген конкреттүү мисалдар бар. Биринчи мисал, 2008-жылдын 1-октябрындагы Ноокатта жана андан кийин болгон окуялар. Бул жерде адам укугу боюнча тынсызданууну жараткан бир топ маселелер жаралды. Бул –себеби жок эле камоолор, кыйноолорду колдонуу, зордук көрсөтүү, Кылмыш-жаза кодексин колдонулбашы өндүү маселелер. Бул конкреттүү тынчсыздануу.

Ал ошондой эле Кыргызстанда быйыл өткөн президенттик шайлоого байланыштуу ойлорун ачык айтып, нааразычылыкка чыккан адамдардын кармалышы, алардын укуктарын коргогон жактоочулардын жоктугу көйгөйлүү маселелер экендигин белгиледи.

Кыргызстан Бириккен улуттар уюмуна 1992-жылы мүчө болуп киргенден бери 24-октябрь БУУнун күнүн белгилөөгө катышып келет.

Маалыматтарга караганда, Бириккен улуттар уюму (БУУ) 17 жыл аралыгында Кыргызстанда өнүктүрүү программасы (ПРООН), жер менчиктештирүү (ЮНИФЕМ) кампаниясы, билим берүү, илим, маданият маселелери боюнча (ЮНЕСКО), маң заттарына жана кылмыштуулукка каршы (ЮНОДК), (ЮНИСЕФ) балдар кору, качкындар маселеси боюнча (УВКБ) жана башка программалары аркылуу көмөк көрсөтүүдө.