Дааватчы - ээнбаш болбо, эреже менен бол...

Кыргызстандын бийлик өкүлдөрү дааватчылыкка тыюу жоктугун, бирок ага жамынып алып, экстремизм идеясын тараткандар жоопко тартыларын эскертүүдө.

Бишкекте өткөн маалымат жыйынында Дин иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин жетекчиси Каныбек Осмоналиев бийлик тарабынан дааватчылыкка тыюу салынып, алар куугунтукталып жатат деген сөздөрдү четке какты:



-
Кыргыз өкмөтү даават кылууга тыюу салган жок.
Бийлик өкүлдөрү дааватчылар менен иштебейт, аларды Кыргызстандагы дин башкармалыгы көзөмөлдөйт.
К. Осмоналиев
Кыргыз өкмөтү даават кылууга тыюу салган жок. "Даават ислам дининин" баалуулуктарынын бири болуп саналат. Бийлик өкүлдөрү дааватчылар менен иштебейт, аларды Кыргызстандагы дин башкармалыгы көзөмөлдөйт. Акыркы жылдары "Хизб ут-Тахрир Аль-Ислами" партиясынын өкүлдөрү республика аймагында даават кылгандарга кошулуп өз кызыкчылыктарын аткарып келген. Ушундан соң үстүбүздөгү жылдын 10-февралында “Дааваттын жол-жоболору” тууралуу эреже бекитилген,- деди Каныбек Осмоналиев.

Жогоруда айтылган “Дааваттын жол-жоболору” тууралуу кабыл алынган эрежелерге ылайык 40 күндүк дааватка муфтият уруксат берсе, 7 күндүккө областтык, шаардык казылар жана район аймагында үч күнгө даават жүргүзүүгө имам хатифтер керектүү документтерин текшерүү менен уруксат берет.

Мындан тышкары дааватка чыга тургандар диний билими тууралуу документи, жашаган жерине караштуу ички иштер бөлүмүнөн анын эч бир мыйзамсыз партияга тиешеси жоктугун тастыктаган тилкатты жана үй-бүлөсүнүн, ата-энесинин “каршылыгыбыз жок” деген макулдук каты болуусу зарыл.

Каныбек Осмоналиевдун айтымында ушундай документтери такталган, мындай ишмердикке уруксат алган, 18 жашка чыккан атуулдар гана Кыргызстанда дааватчылык кыла алат.

Кыргызстандын Малайзиядагы элчиси Турсунбай ажы Бакир уулунун пикиринде дааватчылык өлкө аймагында ислам дининин баалуулуктарын карапайым калктын билүүсүнө өбөлгө түзүү менен диний стабилдүүлүктүн сакталышына салымын кошот.

Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынын жетекчиси Бакыт Сейитовдун
айтымында даават учурунда терроризм жана экстремизм боюнча адабияттарды таратып, өз көз караштарын таңуулагандар мыйзам чегинде жоопко тартылат.

...Диний экстремизм боюнча камалган адамдар айып пул менен чыгып кетип жатышат. Парламенттен дагы суранар элек, жазаны күчөтсө жакшы болот эле.

Б. Сеитов

- Азыр диний экстремизмге каршы күрөшүү боюнча иштеп жатабыз. Ал боюнча учурда жаза жагы бош болуп жатат. Себеби диний экстремизм боюнча камалган адамдар айып пул менен чыгып кетип жатышат. Парламенттен дагы суранаар элек, жазаны күчөтсө, жакшы болот эле. Ошондой эле даваат учурунда мамлекеттик түзүлүшкө каршы иш-аракет кылгандар, мыйзамда тыюу салынган диний адабияттарды, үн жазуу, кассеталарды, дискттерди тараткандарга кылмыш иши козголуп, мыйзам чегинде чара көрүлөт.

Бишкектин тургуну Мунара Абдрашитова сакал-мурутун өстүрүп, тизесине чейин этек жамынган кишилердин динге үгүттөгөнүнөн шектенерин айтат. Анын оюнда, билим аркылуу өнүгүүнү ойлогон өлкө мектепке караганда мечиттердин көбөйүшүнө жол бербейт.

-Азыр айыл жери эмес, борбор шаарда жапжаш кыргыз жигиттери сакалдарын сапсайта өстүрүп алып, боз же ак узун жең кийимчен жүргөндөрүн көп көрүүгө болот. Алар даабатчылар, динге үгүтчүлөр. Эч жерде иштешпейт. Анан диний көз-караштарын таңуулап, жаштардын башын айландырып салышууда.

Даваатчылыкты жактаган бишкектик Алмаз Кудайбергеновдун пикирине караганда, дин эркиндиги баш мыйзамда так көрсөтүлгөн.
Кайсы динге ишенүүнү ар бир адам өзү тандап алат жана даваатчылыкка барууну да ар ким өзү чечүүсү зарыл.

Муфтияттан алынган расмий маалымат боюнча ушул тапта өлкөдө 2,5 миңден ашуун имам, жыйырмадай диний окуу жайлары, алтымыштан ашуун медресе мусулмандар кызматында.

Эгемендиктен кийин Кыргызстанга түркүн дин агымдары агылып кирди. Он сегиз жылдын ичинде Адилет министрлигинен эки миңден ашуун диний багыттагы уюмдар катталган.