Кыргызстан-Өзбекстан: жүк кандай негизде кармалууда?

Кыргызстандын тышкы иштер министрлиги жергиликтүү ишкананын жүгү жана аны коштогон адамдар Өзбекстан аймагында кармалып жатканына байланыштуу расмий Ташкенттин дарегине нота жолдоду. Бул окуя жүк маселеси боюнча Өзбекстан менен Тажикстандын мамилесиндеги быйылкы чыңалууну эске салды.
Кыргызстан тараптан жүктүн ээси баары мыйзамдуу экенин белгилесе, Өзбекстандын расмий бийлигинин көз-карашын чагылдырат деп эсептелген маалымат агенттиктин кабарында чоң көлөмдөгү жардыруучу заттар өлкө аймагы аркылуу документсиз өткөрүлүп бара жаткандыгы айтылган.

Кыргызстандык жарандар жана алар алып келе жаткан жүк Өзбекстан аймагында 23-июль күнү эле кармалганы менен бул боюнча алгачкы маалымат бир жумадан кийин, 31-июлда гана ачыкталды.

Өзбекстандын PRESS-UZ. info маалымат агенттигинин ошол күнкү кабарында айтылгандай, Өзбекстан республикасынын чек ара күчтөрүнүн аскер кызматчылары Кыргызстанга 40 тонна аммонит жардыруучу затын тартып бара жаткан үч унааны Фергана облусундагы “Жапагы” өткөөл бекетинен кармашкан.

Жүктү коштоп жүргөндөр ал Ош шаарына бара жаткандыгын, Кыргызстандын “Кыргызгеолотехкомплект” ишканасына караштуу экенин билдишкен, бирок муну ырастаган кандайдыр бир документтерди көргөзө алышкан эмес.

“Бул жерде белгилеп кетүү керек, Өзбекстан республикасы менен Кыргыз республикасы ортосундагы мамлекет аралык келишимдерге жана Өзбекстандын Өзгөчө жүктөрдүн жана аскер контингенттердин транзити жөнүндөгү мыйзамынын 8-беренесине ылайык, жарылуу коркунучу бар жүктөрдү Өзбекстан аймагы аркылуу алып өтүү тиешелүү компетенттүү органдар менен күн мурунтан (30 күн мурда) макулдашылгандан кийин гана жүргүзүлөт. Зарыл документтердин жоктугуна карабай, өзбек тарап Өзбекстан республикасы менен Кыргыз республикасы ортосундагы Түбөлүк достук жөнүндөгү келишимдин принциптерине таянуу менен Кыргызстандын кармалган жарандарын коркунучтуу жүктү Өзбекстан аймагы аркылуу ташууга уруксат берген, анын ичинде жүктү жөнөтүүчүнүн жана алуучунун дарегин ачыктаган документтер пакетин алып келүүсү үчүн бошоткон. Бирок бир апта ичинде Кыргыз республикасынын тиешелүү органдарынан жүк боюнча документ жана аталган факты боюнча расмий кайрылуу түшкөн эмес. Кырдаал ансыз деле тынч эмес Кыргызстандын түштүгүнө ким жана эмне үчүн жардыруучу зат жеткирүүгө аракеттенген деген суроо туулат”,- деп белгиленген эле Өзбекстандын PRESS-UZ. info маалымат агенттигинин 31-июль күнкү кабарында.

Аталган маалымат агенттиги расмий болбогону менен расмий Ташкенттин көз карашын чагылдыруучу маалымат каражаты катары эсептелинет. Бул аралыкта кыргыз тараптын маалыматы өзбекстандык агенттиктин кабарына караманча каршы чыгууда.

Алгачкы көрүнүш

Жүккө ээлик кылган “Кыргызгеолотехкомплект” ачык типтеги акционердик коомунун башчысы Мисир Мадяровдун 2-август күнү “Азаттык” радиосуна айтканына караганда, жалпысынан 11 адам, анын ичинде үч айдоочу, ишкананын эки жана Ички иштер министрлигинин күзөт полкунун алты кызматкери бошотулбастан он күндөн бери жүк менен кошо Өзбекстан аймагында кармалып турат.

Мадяров ырастагандай, эгер алар мурда жөн эле кармалып турган болсо, эми өзбек тарап жүккө экспертиза жүргүзүп, расмий тергөө чаралары башталарын айтышкан. Мадяровдун айтымында, тоо-кен өндүрүшү менен алектенген ишканаларды жардыргыч зат менен камсыздоо үстүндө иштеген “Кыргызгеолотехкомплект” ишканасы азыркыдай жагдайга алгачкы ирет кириптер болуп олтурат:

-Биз мындай жүк ташуу менен он беш жылдан бери иштеп жатабыз. Күзөтчүлөр менен тигил жакка да, бул жакка өтөбүз. Аларда автомат же тапанча болот. Азыркыдай көрүнүш биринчи жолу орун алып жатат. Себебин биз да биле албай отурабыз.

Мисир Мадяров “Азаттык” радиосунун кабарчысы менен маегинде кошумчалагандай, алар жүктү адаттагыдай эле Тажикстандын Исфара районундагы заводдон тартып келе жатышкан. Эң акыркы жүк буга чейин июнь айынын башында алынып келинген. Андан соң түштүктө кан төгүлгөн окуяларга байланыштуу иш бир азга токтоп, кайра өнөктөш ишканалардын өндүрүштүк муктаждыгынан улам жүк ташууну кайра улантууга туура келген, бирок соңку окуяларды эске алуу менен күзөтчүлөрдүн саны көбөйтүлгөн болчу.

Жүктүн жана анын коштогондордун кармалуусунун чоо-жайын териштирүү үчүн буга чейин Кыргызстандын Ички иштер министрлиги Өзбекстан тарапка эки ирет кат жолдогон:

-Алгач кармалганда эле менин жүктү коштоп жүргөн орун басарым өзбек чек арачыларынан сураганда, алар биздин жүккө дооматыбыз жок, биздин дооматыбыз милицияга, булардын курал менен өтүп бара жатышына байланыштуу деп айтышкан. Бул маселе алдын ала макулдашылганда дооматыбыз болмок эмес деп белгилешкен.


2-август күнү болсо Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Өзбекстандын Бишкектеги элчилигине нота жөнөттү. Бул маалыматты министрликтин КМШ өлкөлөрү боюнча департаментинен “Азаттык” радиосуна тастыкташты.

Тажикстандын мисалы

Коңшу өлкөлөргө багытталган транзиттик жүктөрдү өз аймагында кайсыл бир мөөнөткө кармап калуу Өзбекстан үчүн мүнөздүү көрүнүш. Мунун эң соңку мисалы - Өзбекстан менен Тажикстандын мамилесиндеги чыңалуу.

Быйыл жаз айларында жана жайдын башында Өзбекстандын коңшу Тажикстанга багытталган темир жол вагондорун өз аймагында кармоосу расмий Дүйшөмбүнүн катуу нааразылыгын жараткан эле. Расмий Ташкент маселени техникалык себептер менен байланыштырса, Дүйшөмбү бул көрүнүштү саясий жүйө менен негиздеп, экономикалык блокада катары мүнөздөгөн. Кыргызстандык ишкананын Өзбекстан аймагында кармалган жүгү масштабы жагынан Тажикстандын жүктөрүнө тең келбегенине карабай бул окуя эки өлкө ортосунда алигиче жөнгө салына элек ошол көрүнүштү эске салууда.

Борбор Азияга адистешкен орусиялык журналист жана талдоочу Санобар Шерматованын пикиринде, кыргызстандык ишкана жүгүнүн Өзбекстан аймагында кармалуусунун саясий жүйөгө байланыштырууга азырынча негиз жок:

- Жалпысынан кырдаал түшүнүксүз. Анткен менен Өзбекстан өз аймагы аркылуу Кыргызстанга кеткен буга окшош рейстерди буга чейин кармабагандыгын эске алуу керек. Бул кырдаалдын, менимче, адатта Өзбекстан жасап жүргөндөй Тажикстанды изоляциялоо менен эч байланышы жок.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин нотасына эң эрте дегенде ушул апта ичи жооп алынышы мүмкүн. Өзбек тарап жүктү жана аларды коштоп келе жаткан жарандарды чын эле техникалык же башка себептен улам кармаганы алдыдагы күндөрү айкын болмокчу.