Бишкекте велосипедчендердин жүрүшү өттү

Бишкек шаарында акыркы жылдары велосипед тепкендердин саны күн санап көбөйүүдө. Велосипед көпчүлүк шаардыктардын күнүмдүк иштеринде унаанын ролун аткара баштады.
Европа өлкөлөрүндөй эле Кыргызстандын башкалаасында да велосипед унааны алмаштыра баштады. Бул каражатты колдонгондор күйүүчү май сатып алышпайт, жолдо туруп көп убакытын коротушпайт, ошол эле маалда велосипед экологиялык жактан таза жана ден соолук үчүн пайдалуу.

27 жаштагы Касым мындан жарым жыл мурун велосипед сатып алган. Ал азыр кайда барбасын жөө баспайт, же акы төлөп автобуска да отурбайт.

- Мен велосипедди тепкениме жарым жылдын жүзү болду. Азыркы маалда аны менен жумушка барам. Велосипед ден соолука пайдалуу жана экологиялык жактан зыянсыз экен.

10-октябрда Бишкек шаарында биринчи жолу вело-марш акциясы өттү. Бул иш-чарага Бишкек шаарынын мэри Нариман Түлеев баштаган 150 чакты велосипедчи катышып, МАИ кызматынын коштоосунда шаар көчөлөрүн кыдырып, 8 чакырым жол жүрүштү. Катышуучулардын катырында Касым да болуп, велосипеди менен шаарды айланып чыгууга жетишти.

- Мындай акция аркылуу бул унааны жайылтсак болот. Себеби велосипед тебүү замандын талабына айланууда. Шаардыктар бүгүнкү маршты көрүп кубанып жатышты. Мындай иш-чараларды тез-тезден уюштурсак акыбети кайтат деп ойлойм.

Вело-марш акциясы шаар тургундарын экологиялык проблемаларга көз жумбоого чакырып, унаа ээлерин велосипедчилер менен сый мамиледе болууга үндөдү. Ошол эле маалда велосипед тебүү ден соолука да пайдалуу экени белгиленип, унаанын бул түрүн жайылтуу максатын көздөгөн.

Бишкек шаарынын мэри Нариман Түлеев бул акция аркылуу экология маселесине көңүл бурулуп жаткандыгына токтолду.

- Учурда дүйнө жүзү машинеден велосипедге өтүүдө. Биз да бул багытты колдошубуз керек. Учурда Бишкек шаарында 134 миң унаа каттоодо турат. Облустардан келген машинелерди кошсок баш калаада 150 миң унаа бар. Алардын түтүнү экологияны оңой эмес зыянга учуратууда.

Вело-марштын катышуучуларын Бишкек шаарынын тургундары жакшы кабыл алып жатышты.

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Бишкекте велосипедчендердин жүрүшү өттү