Көчмө театрлардын фестивалы

Бүгүн Бишкекте көчмө театрлардын фестивалы башталды.
Кыргызстандагы "Место Д" театры уюштурган көчмө театрлардын фестивалына Казакстан, Франция, Бельгия Германия өлкөлөрүнөн театр жаматтары келишти. Алар менен бирге бир катар кыргыз театрлары катышууда. Артисттердин оюну борбордук жана эски аянтта, Эркиндик гүлбагында, Панфилов паркында жана башка жерлерде өтүп жатат.

Программада театр күйөрмандарына “Мо нумент”, “Чула-Чун” айылы, “Профессорлор”, “Келгиле бактылуу болобуз” оюндары сунушталууда. Ал оюндардын жүрүшүндө көрүүчүлөдүн актерлук таланттарын ачканга мүмкүнчулүктөрү бар экенин айтат "Место Д" театрынын жетекчиси Александра Богдасарова:

- Көчө театры өзүнчө бир интерактивдүү театр. Бул жерде бир өзгөчө жагдай бар, башкача айтканда көрүүчүлөр театрга келбей, тескерисинче артисттер өздөрү кыдырышат. Алар ошондой эле оюн убагында өздөрүнчө эле ойной бербей, көрөрмандар менен байланышта болушат. Мына ошол учурда актер болом дегендер талантын көрсөтсө болот.

Фестивалдын жүрүшүндө бир эле спектаклдер көрсөтүлбөстөн, башка дагы бир катар иш-чаралар өтөт. Башкча айтканда программа кеңири түзүлгөн деп кабарлайт Александра Богдасарова:

- Фестивалга көркөм өнөрдүн башка дагы тармагын аркалаган өнөрпоздор катышат. Алсак музыканттар, цирк артисттери, каскадерлер, ал тургай диджейлер да бар.

Мындан тышкары күн сайын иш-чара жыйынтыкталганга чейин саат 10дон кечке чейин кол өнөрчүлөдүн көргөзмөсү өтөт. Ага Борбор Азия өлкөлөрүнүн чеберлери катышып, жасаган буюмдарын сатыкка коюшат. Эртең фестивалга Казакстандан театр ишмерлеринин келеери күтүлүүдө. Ал эми оюндар саат экиден баштап кечке чейин болот. Көчмө театрларынын фестивалы өз ишин 17-октябрда жыйынтыктайт. Уюштуруучулар эми бул фестивалды жылына өткөрүүнү ниет кылышууда.