Арасат жолдогу экономика арабасы

Кыргызстандагы Карасуу базары

Дүйнөлүк банк эсеби боюнча Кыргызстан ишкерликке шарт түзүү жагынан 183 өлкөнүн арасынан 41-орунга чыкты.
Өткөн жылы бул көрсөткүч 80-орундa турган. Ага улай Дүйнөлүк экономикалык форумдун атаандаштык жагынан Кыргызстан 133 өлкөнүн ичинен 123-орунду ээлерин ырастаган бүтүмү жарыя болду.

Дүйнөлүк банктын ишкердикке шарт түзүү - “Doing Business” рейтинги боюнча өткөн жылы Кыргызстан 183 өлкөнүн ичинде 80-орунда турган. Быйылкы көрсөткүч боюнча Кыргызстан алдыңкы 50 өлкөнүн катарына кошулду. Бул ириде ишкердикке тоскоолдук кылчу биртоп уруксат кагаздардын санын азайтуу, текшерүү-тескөөчү мамлекеттик кызматтарды кыскартуунун эсебинен жаралган натыйжа.

Кыргызстандын экономикалык өнүгүү жана соода министри Акылбек Жапаровдун айтуусунда, ишкердикке ыңгайлу шарт түзүүгө багытталган дагы биртоп иштер жасалмакчы. “Биздин уруксат берүүчү, тескөөчү система деп коебуз. Өкмөт тарабынан болобу же бөлөк кайсы бир укук коргоо органдарынан болобу, ишкерлерге болгон, экономикага жасалган басым азайбай жатат, - деп билдирди экономика министри. - Мына ушуну чечкиндүү чаралар көрүп жокко чыгарышыбыз керек. Биздин анализдер боюнча бүгүнкү күнү 20 ашуун текшерүүчү органдар болсо ошонун тең жарымын жокко чыгарып койсо болчудай”.

А.Жапаров уруксат берүүчү, тескөөчү 160 документтин ичинен 109 гана калтырылганын, минтип азайтуу дагы улантыла тургандыгын кошумчалады. Анткен менен Дүйнөлүк экономикалык форумдун эксперттери базар экономикасынын пайдубалын түптөгөн атаандаштык жагынан Кыргызстан 133 өлкөнүн эң артында 123-орунду ээлерин ырастады. Форумдун алдагыдай кескин бүтүм чыгарышына Кыргызстандын абыдан коррупцияланып кетиши, саясий туруксуздук, кредит алуунун татаалдыгы, салык оорчулугу, анан да аткаминерлердин иш билбестиги негиз берген.

Дүйнөлүк банктын Кыргызстандагы өкүлү Жеймс Макхюнун пикиринде, экономикалык кризис шартында биртоп тармактардын өнүгүү ырааты артка кетенчиктеп кеткен жок. “Башкача айтканда, азырынча банк секторунан сезилерлик проблемаларды байкай элекпиз, - дейт Жеймс Макхю. - Салык-бюджет тармагында деле кедерги маселелерди көрбөй жатабыз. Бюджет жагынан да олуттуу дегидей өксүктөр байкала элек. Биз ошондой эле акча которуулардын агымы кыйла басаңдай түшкөнүн байкай алган жокпуз”.

Адистердин айтуунда, алдагыдай туруктуу экономикалык жагдай көбүнесе соода менен тейлөө тармагындагы чакан жана орто бизнеске түзүлгөн шарттын негизинде пайда болууда. Өкмөт башчы И.Чудинов быйыл Кыргызстандын экономикалык өнүгүшү 1% тегерегинде болорун айтып, өткөн жыл бул көрсөткүч 7,6% жеткенин белгиледи.

Парламенттин мурдагы депутаты, белгилүү ишкер Таирбек Сарпашев ишкердиктин өнүгүшүнө коррупция менен текшерүү-тескөө кызматтарынын көптүгү чоң тоскоол болууда, деген пикирде. “Анан экинчиси, биздеги кадрларды кетирбей кармап калганга аракет кылып, ушул жерде алдыңкы технологияларды тартуу боюнча мамлекет шарт көрүшү керек. Чоң-чоң долбоорлорду тартып келгенге мамлекет өзү кызыкдар болушу абзел”.

Т.Сарпашевдин ырасташынча, Кыргызстанда ири компаниялардын өкүлчүлүктөрү иштебейт. Четтен келген инвестициянын көбү орто жана чакан бизнес деңгэлинде, анан да ал алып-сатуунун гана айланасында калууда. Ири компаниялардын кызыктырыш үчүн мамлекет аларга ыңгайлуу шарт түзүп, салык жеңилдиктерин бериши зарыл. Ансыз Кыргызстан тейлөө, коңшу өлкөдөн келген арзанбаа буюмдардын чоң базарына айланып калышы турулуу иш.

Экономика боюнча эксперт Азамат Дыйканбаевдин пикиринде, чет элдик ири компаниялардын, маселен, Күн чыгыш өлкө ишкерлеринин Кыргызстанга инвестиция алып келүүгө кызыкпай жатышынын себеп жөнү белгилүү. “Жапандык ишкерлерди кеңири масштабдагы маселелер кызыктырат. Аларды кызыктырган жалгыз сектор – биздин минералдык сырье байлыгыбыз болду. Бул толук кремний, жаңылбасам оор металлдарды иштетүү жана башкалар. Айыл чарбасында болсо технологияларды алмаштыруу”.

Кандайынан келгенде да, Кыргызстандагы экономикалык жагдай тууралуу эларалык эки институттун ачакей бүтүм чыгарышы күтүлгөн иш болчу. Анткени коррупциянын тамырын кыркпай ишкердикке ыңгайлуу шарт түзүү аракетинен натыйжа чыгышы күмөн.