А.Чолпонкулова: Чек ара жабылышынан казактар да жабыркады

Кыргызстан канчалык деңгээлде соода-экономикалык жактан коңшу Казакстанга көз каранды? Чек аранын бир айдан ашуун убакытка жабылышынын кесепети кандай болду? Борбор Азия аймагында соода-экономикалык алакаларды жакшыртуу үчүн эмнелер керек?
Кабарчыбыз Илим Жанузаковдун ушул жааттагы суроолоруна АКШнын Кыргызстандагы соода палатасынын аткаруучу директору, юридикалык илимдердин кандидаты Айнура Чолпонкулова жооп берди.


“Азаттык”:
- Айнура айым, Кыргызстандын соода-экономикалык алакасы негизинен коңшу өлкөлөргө байланган эмеспи. Көптөгөн товарлардын өлчөмү Казакстан аркылуу келет. 7-апрелден кийинки чегаранын жабылышы эки өлкөнүн cоода алакасына кандай таасирин тийгизди? Учурдагы абал кандай?

А.Чолпонкулова: - Негизинен Кыргызстандын товар алмашуусунун басымдуу бөлүгү коңшу өлкөлөр менен жүрөт. Алар Казакстан, Орусия жана Кытай. Ушул үч мамлекет менен товар алмашуунун көлөмү өтө жогору. Ошол себептүү Казакстандын чегараны жаап салганы, Кыргызстандагы бизнеске жана өлкөдөгү жалпы экономикалык кырдаалга таасирин тийгизип койду. Анткени бул жерде өтө көп ишкерлер экспорттук-импорттук ишмердүүлүк менен алектенишет. Бул жерде абдан чоң экономикалык жоготуулар болду.

Менин оюмча, эми чегара ачылгандан кийин соода алакалар турукташуусу керек. Албетте бул дароо болбойт. Менимче бул процесс бир канча айга созулат. Бул жерде мындан кийин Кыргызстандагы ырасмий бийлик кандай багыт менен кете турганы маанилүү. Андан тышкары Кыргызстандын да, Казакстандын да бийлигине суроолор көп. Эки өлкөнүн соода алакасын жакшыртуу, өнүктүрүү жаатында эмнелерди жасоо керек? Кандай багыт тандалып алынат ж.б?

Сөзсүз түрдө бул жерде эки тараптуу көз карандылык бар. Экономикалык жактан Казакстанга биз гана көз карандыбыз деп айтууга болбойт. Анткени товар алмашууда эки тарап тең өз пайдасын көздөйт. Бул эки тараптын тең кызыкчылыгында.

Ал эми чегаранын саясий коопсуздук деген себеп менен жабылганы башка маселе. Чынында чегара жабылышынан көптөгөн казак ишкерлери да жабыркады да.

“Азаттык”: - Казакстандын түштүгүндө, Кыргызстанга жакын жактарында азык-түлүктөр кымбаттабадыбы…

А.Чолпонкулова: - Ооба. Ал жакта да азык-түлүктөр дароо кымбаттап кетти. Мисалы Казакстандын түштүгүнө Кыргызстандан экспорттолгон сүт азыктары ж.б. дароо кымбаттады. Казакстандын бизге жакын жайгашкан аймактарына азык-түлүктү Кыргызстандан арзан баада алганы пайдалуу эмеспи. Анткени чегара тилкесиндеги жашагандардын жашоо стандарттары менен чоң шаарлардагы элдики ар башка.

“Азаттык”: - 7-апрелдеги окуялардан кийин Кыргызстандын экономикасы Казакстан менен Орусияга канчалык деңгээлде байланганы билинип калды. Мындай окуялардан сабак алып, мындан ары да экономикалык кысымдарга кабылбаш үчүн башка өнүккөн өлкөлөр менен соода байланыштарды кеңейтүү керектир? Ошол эле Европа шериктештиги, жакынкы чыгыш өлкөлөрү сыяктуу өнөктөштөр менен экономикалык байланыштарды кеңейтүү мүмкүнбү?

А.Чолпонкулова: - Абдан кызыктуу маселе. Бул жерде көп нерсе - мындан ары Кыргызстандын тышкы саясий жана экономикалык багыты кандай болот, ошого байланыштуу. Көп багыттуу саясат болобу же чөлкөмдүн алкагында саясат жүргүзүлөбү?

Кыргызстан кичинекей, элинин саны аз мамлекет. Андыктан экономикабыз да кайсы бир деңгээлде коңшулардан көз каранды. Ошол себептүү дүйнөлүк рынокко чыгуу үчүн эң оболу өлкө ичинде абдан көп иштерди жүргүзүш керек.

Биринчиден, Кыргызстан тышкы дүйнөгө карата өзүнүн так көз карашын иштеп чыгуусу керек. Биздин кандай мүмкүнчүлүктөрүбүз, артыкчылыктарыбыз бар? Соода-экономикалык алакаларды бир-эки гана мамлекетке байлабай, кандай тең салмактай алабыз?

Экинчиден, албетте абдан мыкты, бизнес үчүн өтө ачык жана так эрежелер жазылган мыйзамдык база түзүш керек. Кандай инвестор келсе да бул рынокто тоскоолдуктарсыз өзүнүн бизнесин өнүктүрүп кете алгандай шарттар керек. Эгер дал ушундай мыкты мыйзамдык база түзүлсө, анда биз башка рынокторго да чыга алабыз. Ал үчүн баардыгына бирдей эрежелерди иштеп чыгуу керек.

“Азаттык”: - Маегиңизге рахмат!