Абасы быйыл тазарган Калыс-Ордо

Калыс-Ордо жаңы конушундагы жеке бала бакчанын дубалына тартылган сүрөттөр. 

Калыс-Ордо конушуна суу түтүктөрүн орнотуу иштери жүрүүдө. 

Жаңы конуш газга кошула элек, көпчүлүк тургундар кыштан көмүр менен чыкканын айтышууда. 

Калыс-Ордо Бишкектеги айланма жолу жакта жайгашкан. 

Конуштан шаарга эки автобус, бир нече маршруттук  такси каттайт. 

Балдар аянтчасы. 

Былтыр Бишкек мэриясы бул конушка эки автобус каттам киргизген. Жашоочулар үчүн кубанычтуу жаңылык болгон. 

Калыс-Ордо конушу 2002-жылы негизделген. 

Конуштагы ички жолдордун абалы начар. 

Конуш Бишкектеги таштанды талаасына жакын жайгашкан. Быйыл жашоочулар андан чыккан түтүнгө уукпай, аба тазарып калганын айтышты. 

Конушта батир үчүн үйлөр, тигүүчү цехтер көп. Бул жерде негизинен "Дордой" базарында соода кылгандар жашарын айтышты. 

Конушта бир мектеп, жеке бала бакчалар бар. 

2002-жылы негизделген Калыс-Ордо конушунда башка конуштарга караганда жолу оңдолуп, суусу чечилип, шарты кыйла жакшырып калган. Бишкектеги айланма жол жакта жайгашкан бул конуштун жалпы аянты 135 гектарды түзөт. Учурда конушта 10 миңге жакын киши жашайт.