Аксы окуясына 15 жыл толду

2002-жылы 17-мартта Аксыда кыргыз жеринин бүтүндүгү, акыйкаттык үчүн, үй-бүлөлүк, тоталитардык башкарууга каршы жөө жүрүшкө чыгышкан элге бийлик ок атып, алты киши курман болгон.

Буга байланыштуу бүгүн БЭК саясий партиясы жана "Эл үнү" кыймылы Аксы районунда эскерүү иш-чарасын уюштурууда. Жыйын “Аксы окуясына 15 жыл... Бийлик сабак алдыбы?” деген темада өтүүдө.

Укук коргоочу Турсунбек Акун.

Аксыда эскерүү иш-чарасын саясатташтырбоо талабы коюлду. Жергиликтүү бийлик менен күч органдары Аксы окуясынын 15 жылдыгын эскерүүдө Дүйшөнкул Чотоновду камактан бошотууну талап кылган лозунгду алдырып салышты.

Кара-Жыгач, Аксы. 

Аксы окуясын эскерүүгө Бишкектен "Сөз эркиндигин коргоо комитетинен" өкүлдөр, парламенттин айрым депутаттары, Убактылуу өкмөттүн кээ бир мүчөлөрү катышууда.

Аксы окуясы Кара-Жыгач айылында да эскерилди. Аксы, Жалал-Абад. 

Аксы окуясы Кара-Жыгач айылында да эскерилди. Аксы, Жалал-Абад. 

Аксы окуясы Кара-Жыгач айылында да эскерилди. Аксы, Жалал-Абад. 

Кыргыз Республикасынын президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн, 17-мартта 2002-жылы Аксы окуясында курман болгондорду эскерди.
 

Мамлекет башчы 2002-жылы Аксы окуясында жана 2010-жылы Апрель окуясында эркиндик жана адилеттик үчүн курман болгондордун Бишкек шаарынын Ала-Тоо борбор аянтында жайгашкан Эстелигине гүлчамбар койду. 

2002-жылы 17-мартта Аксыда кыргыз жеринин бүтүндүгү, акыйкаттык үчүн, үй-бүлөлүк, тоталитардык башкарууга каршы жөө жүрүшкө чыгышкан элге бийлик ок атып, алты киши курман болгон.