Алия Назарбаеванын дагы бир компаниясы ишин токтотту

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Президенттик администрациянын мурдагы башчысы Медет Садыркуловдун өлүмүнө байланыштуу сот башталды. Ысык-Көлдө саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевдин уулуна таандык коттеждерде өрт чыгып, 300 чарчы метр эс алуучу жай толук күйүп кетти. Казакстандын темир жол компаниясы Нурсултан Назарбаевдин кичүү кызы Алияга таандык ишкана менен келишимин токтотту.