Апрель окуясы: аянтта төгүлгөн кан

Таластагы толкундоолор 6-апрелде башталган. 

2010-жылдын 6-апрелинде Талас облустук администрациясынын алдына чогулган оппозиция тарапкерлери өлкөдөгү экинчи бийлик алмашууга жол ачышкан. 

Таласта нааразылык акциясына чыккандар. 6-апрель, 2010-жыл. Ал күнү Таластагы митингди кууп таркатууга көп сандагы милиция, ал тургай Бишкектен атайын бөлүктөрдүн аскерлери тартылып, кагылыштын жыйынтыгында облустук администрация митингчилердин колуна өткөн. 

7-апрель күнү Бишкектин Алматы көчөсүндө жайгашкан “Форум” имаратынын алдында нааразылык акциясына чыккан аялды милиция кызматкерлери кармап кетип жатат. 

Бишкектин Чүй көчөсү менен Ак үйдү көздөй бараткан эл. 7-апрель, 2010-жыл

7-апрель саат 13:40 чамалаш демонстранттар Ак үйгө чабуул жасай башташат.

Ак үйдүн алдына чогулган демонстранттар менен милициянын куралдуу күчтөрү кагылышкан учур.
 

Ала-Тоо аянты. 7-апрель, 2010-жыл.

Демонстранттар менен милиция кагылышып, нааразы болгондор көптүккө салып тартип коргоо кызматкерлеринин куралдарын тартып алып, аларды ур-токмокко алышат. 

2010-жылы апрель окуяларында жоголгон жүздөгөн курал-жарак, миңдеген ок-дарынын теңинен көбү табылбай калды.

Нааразылык акциясына чыккандарды көздөй Ак үйдүн төбөсүнөн ок атуу башталган. 

Саат 14:30 чамалаш митингчилер арасынан алгачкы жаракат алгандар тууралуу маалыматтар пайда болду.

 Саат 16:00 ченде Ак үйдү кайтарган күчтөр митингчилерди кадимки өлтүрүүчү октор менен ата башташты. 

7-апрелде Ак үйдүн алдындагы каршылык акциясында атылган октон 78 киши каза таап, бир жарым миңден ашуун адам жаракат алган.

Ак үйдүн алдында желек көтөргөн киши телефон менен сүйлөшүп жатат. 7-апрель кечке жуук оппозиция лидерлери митингчилердин колуна өткөн Улуттук биринча каналдан (Коомдук биринчи канал) чыга башташат. Курманбек Бакиев куралдуу сакчыларынын коштоосунда “Манас” аба майданына, андан ары Ош шаарына учат. Ал жактан кийинчерээк Жалал-Абад облусундагы өзү өскөн Тейит айылына жашынат.

Бишкек. 8-апрелдин таңы. 7-апрель кечинде Бишкекте мародерчулук башталып, борбордогу бир канча соода борборлору талап-тонолгон. 

Кандуу кагылышта каза болгондордун сүрөттөрү Ак үйдүн астына илинип, 2010-жылдын 9-апрели Кыргызстанда аза күтүү күнү болуп жарыяланат. 

7-апрелдеги кандуу кагылышта жараат алгандар. 

Убактылуу өкмөттүн башчысы Роза Отунбаева жана анын орун басарлары Өмүрбек Текебаев, Темир Сариев жана Исмаил Исаков маалымат жыйынында. 8-апрель, 2010-жыл.

Курманбек Бакиев AFP кабарчысы менен сүйлөшүүдө. 2010-жылдын 9-апрелинде тартылган сүрөт, Жалал-Абад облусу. Кийинчерээк бийликтен кулатылган президент үй-бүлөсү, жакындары менен Беларустан башпаанек тапкан.

Апрель окуясында каза тапкандарды жерге берүү учуру. Ата-Бейит.

Уулун жоготуп боздогон эне.

7-апрелде каза тапкандардын көбү "Ата-Бейитке" коюлган. 

Апрель ыңкылабында курман болгондорго Ак үйдүн алдында эстелик орнотулду.

Ак үй. 13-апрель, 2010-жыл.

2010-жылдын 6-апрели, "Азаттыктын" журналисти Замира Кожобаева иш учурунда. 

Талас. 2010-жылдын 6-апрели, "Азаттыктын" журналисти интервью алууда.

2010-жылдын 6-апрели, Талас.

2010-жылдын 7-апрелинде Кыргызстанда бийлик алмашып, Курманбек Бакиев башында турган бийлик көтөрүлүш жолу менен кетирилген. Анын алдында аянттагы нааразылык акциясына чыккан элге ок атылып, ошол күнү кеминде 87 кишинин өмүрү кыйылган.