Аравандыктар түшүмүн сата албай убара

Ушу тапта Араванда айдалган капуста, пияз, сарымсак бышып базарларга чыга баштады.

Жаңы бышкан сарымсак. Аравандан күн сайын эки тоннадай сарымсак Ош, Жалал-Абад шаарларынын базарларына чыгат.

Капустанын “чилги” сорту жеринде даанасы 25-30 сомдон сатылып жатат.

Шалгам (редиска). 

Аравандан күн сайын эки тоннадай сарымсак Ош, Жалал-Абад шаарларынын базарларына чыгат.

Беткапчан сатуучулар. 

Көк пияз. 

Мындан сырткары Араванда күнөсканаларда гүлдүү капуста, брокколи да өстүрүлө баштады.

Аравандагы дыйкандар күнөсканада өстүргөн бадыраң, помидор базарда жакшы сатылат.

Араванда 16 миң гектардай сугат айдоо жер бар. Анын 2480 гектарына жашылча айдалат.

25-марттан 15-апрелге чейин коронавируска байланыштуу Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларынын, Ош облусунун Ноокат, Кара-Суу райондорунун, ошондой эле Жалал-Абад облусунун Сузак районунун аймактарына өзгөчө абал киргизилген. Бул дыйкандарга тоскоол болбой койгон жок.